00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Кинонун жаңы доору: блогерлер режиссёрдон да кызыктуубу?
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Максимальный репост
Ирония судьбы, или с Новым годом: что посмотреть, пока режем салаты
18:06
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда кылмыштардын саны бир жылда төрт пайызга кыскарган. Улуттук статистика комитети өткөн жылдын январынан ноябрдын аягына чейинки кылмыштар менен 2024-жылдын жогоруда көрсөтүлгөн айлар аралыгында катталган кылмыштардын көрсөткүчтөрүн салыштырган. Анда белгиленгендей, кылмыштардын жалпы саны кыскарганы менен оор кылмыштардын саны 18,8 пайызга өсүп, өткөн жылы саны 4 966га жеткен. Ошондой эле маалыматта кылмыштардын көбү мүлккө байланыштуу болгону кошумчаланды.
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд 31 млн сомго көп. Ошону менен катар, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 пайызды түзүп, кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу жана ыкчам өнүгүү темпи камсыздалганын көрсөттү. Жалпысынан тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды.
Венесуэла президенти Николас Мадуро жубайы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылды. Мындай маалыматты АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазды.Америка башчысы анда Венесуэлага каршы масштабдуу операция ийгиликтүү өткөнүн да белгилеген. Айта кетсек, АКШ аскердик операциянын алкагында Венесуэлага сокку урууда. Буга чейин Каракас шаарында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Reuters басылмасы шаардын түштүгүндө жайгашкан аскердик базасы жарыксыз калганын жазды. Социалдык желеге тараган видеодо Венесуэланын борбор шаарынын үстүнөн учактардын баратканы көрүнөт. Буга байланыштуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзгөчө кырдаал режимин киргизген. BNO басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө ТИМи АКШнын агрессиясын кескин айыптаган.
Россия АКШнын Венесуэлага каршы чабуулун айыптап, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын шашылыш өткөрүү боюнча билдирүүсүн колдоду РФ ТИМи чабуул терең тынчсызданууну жана айыптоону жаратарын белгилеп, АКШнын мындай аракеттерге баруу үчүн айткан шылтоолору аны актабай турганын билдирди. Латын Америкасы 2014-жылы өзүн кандай жарыялаган болсо, ошол бойдон тынчтык зонасы болуп калышы керек. Ал эми Венесуэлага эч бир сырткы күчтөрсүз, аскердик кийлигишүүлөрсүз өзүнүн тагдырын өзү чечкенге укук кепилдениши кажет", - деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле РФ Венесуэла менен тилектештигигин билдирип, көз карандысыздыгын коргоого багытталган саясатын колдой турганын тастыктады.
Жаңылыктар түрмөгү
0