https://sputnik.kg/20260103/1098991206.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирахан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып... 03.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-03T15:00+0600
2026-01-03T15:00+0600
2026-01-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/03/1098991040_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_518179503f5a12d79069b3742a4a4ac7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирахан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди. Анын айтымында, тумоо жогорку температура жана кургак, тамакты кычыштырган жөтөл менен коштолот. Көкүрөк туш ооруксунат. Үч күндөн кийин да температура түшпөсө, жөтөл күчөсө, дем кысылып же көкүрөк туш ооруса кеселдин күчөп жатканынан кабар берет.“Балдарда жогорку температура менен кошо эс-учун жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Тумоо абдан тез өнүгөт. Ал эми өз алдынча дарыланууда оор пневмония үчүнчү суткада эле пайда болушу ыктымал. Бул тумоонун кооптуулугу өпкөгө зыян берүү менен эле чектелбейт. Анын токсиндери жүрөккө жана бөйрөккө залакасын тийгизип, оор учурларда мээнин шишигине чейин алып келиши мүмкүн”, — деген дарыгер.
Владимир Зеленский Брюсселден Киевди колдоодон баш тарткан Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин позициясына таасир этүүнү суранышы мүмкүн. Бул тууралуу Леонид Кучманын мурдагы жардамчысы Олег Соскин билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский акчага зар болуп турат, ал эми Бабиш жардам берүүдөн баш тартты. Андыктан Брюсселге барып, Праганы эпке келтирүүнү сурануусу эле калды, бирок ал деле ишке ашпай турган нерсе", — деген Соскин. Анын айтымында, Зеленскийдин коркутуулары өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон чех премьеринин чечимин өзгөртө албайт. Андрей Бабиш Dehí басылмасына берген маегинде Чехиянын өзүндө акча тартыш болгондуктан, мындан ары Украинага мамлекеттик бюджеттен каражат бере албастыгын айткан. Өткөн жылдын 19-декабрында Брюсселде саммит өтүп, анда Европа биримдигине кирген мамлекеттер бюджетинен 2026-2027-жылдарга карата Украинага 90 миллиард евро кредит берүүнү макулдашкан. Бирок Венгрия, Словакия жана Чехия насыя берүүгө кошулган эмес. Венгриянын премьери Виктор Орбан бул кредитти асманга чачылган акчага салыштырып, буга аралашпаганына шүгүр келтирген. Саммитте Европа лидерлери Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу боюнча макулдаша алышкан эмес. Буга чейин Reuters агенттиги дипломатиялык булакка таянып, россиялык активдерди конфискациялоо планы кийинкиге жылдырылганын билдирген.
АКШ аскердик операциянын алкагында Венесуэлага сокку урууда. Мааламатты Ак үй тастыктаганын РИА Новости жазды. Буга чейин Каракас шаарында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Reuters басылмасы шаардын түштүгүндө жайгашкан аскердик базасы жарыксыз калганын жазды. Социалдык желеге тараган видеодо Венесуэланын борбор шаарынын үстүнөн учактардын баратканы көрүнөт. Буга байланыштуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзгөчө кырдаал режимин киргизди. BNO басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө ТИМи АКШнын агрессиясын кескин айыптады. Каракас АКШ анын мунай жана минералдык ресурстарын көзөмөлгө алууну көздөп кол салганын, бирок мындай максат ишке ашпай турганын билдирди. Акыркы айларда АКШ баңгизат ташыйт деген жүйө менен кайыктарды жок кылуу үчүн бир нече жолу күч колдонгон. Америка бийлигинин билдирүүсү боюнча, мындай операциялар улуттар аралык кылмыштуулук жана баңгизат соодасы менен күрөшүүгө багытталган.
Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирахан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди. Анын айтымында, тумоо жогорку температура жана кургак, тамакты кычыштырган жөтөл менен коштолот. Көкүрөк туш ооруксунат. Үч күндөн кийин да температура түшпөсө, жөтөл күчөсө, дем кысылып же көкүрөк туш ооруса кеселдин күчөп жатканынан кабар берет.“Балдарда жогорку температура менен кошо эс-учун жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Тумоо абдан тез өнүгөт. Ал эми өз алдынча дарыланууда оор пневмония үчүнчү суткада эле пайда болушу ыктымал. Бул тумоонун кооптуулугу өпкөгө зыян берүү менен эле чектелбейт. Анын токсиндери жүрөккө жана бөйрөккө залакасын тийгизип, оор учурларда мээнин шишигине чейин алып келиши мүмкүн”, — деген дарыгер.Владимир Зеленский Брюсселден Киевди колдоодон баш тарткан Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин позициясына таасир этүүнү суранышы мүмкүн. Бул тууралуу Леонид Кучманын мурдагы жардамчысы Олег Соскин билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский акчага зар болуп турат, ал эми Бабиш жардам берүүдөн баш тартты. Андыктан Брюсселге барып, Праганы эпке келтирүүнү сурануусу эле калды, бирок ал деле ишке ашпай турган нерсе", — деген Соскин. Анын айтымында, Зеленскийдин коркутуулары өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон чех премьеринин чечимин өзгөртө албайт. Андрей Бабиш Dehí басылмасына берген маегинде Чехиянын өзүндө акча тартыш болгондуктан, мындан ары Украинага мамлекеттик бюджеттен каражат бере албастыгын айткан. Өткөн жылдын 19-декабрында Брюсселде саммит өтүп, анда Европа биримдигине кирген мамлекеттер бюджетинен 2026-2027-жылдарга карата Украинага 90 миллиард евро кредит берүүнү макулдашкан. Бирок Венгрия, Словакия жана Чехия насыя берүүгө кошулган эмес. Венгриянын премьери Виктор Орбан бул кредитти асманга чачылган акчага салыштырып, буга аралашпаганына шүгүр келтирген. Саммитте Европа лидерлери Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу боюнча макулдаша алышкан эмес. Буга чейин Reuters агенттиги дипломатиялык булакка таянып, россиялык активдерди конфискациялоо планы кийинкиге жылдырылганын билдирген. АКШ аскердик операциянын алкагында Венесуэлага сокку урууда. Мааламатты Ак үй тастыктаганын РИА Новости жазды. Буга чейин Каракас шаарында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Reuters басылмасы шаардын түштүгүндө жайгашкан аскердик базасы жарыксыз калганын жазды. Социалдык желеге тараган видеодо Венесуэланын борбор шаарынын үстүнөн учактардын баратканы көрүнөт. Буга байланыштуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзгөчө кырдаал режимин киргизди. BNO басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө ТИМи АКШнын агрессиясын кескин айыптады. Каракас АКШ анын мунай жана минералдык ресурстарын көзөмөлгө алууну көздөп кол салганын, бирок мындай максат ишке ашпай турганын билдирди. Акыркы айларда АКШ баңгизат ташыйт деген жүйө менен кайыктарды жок кылуу үчүн бир нече жолу күч колдонгон. Америка бийлигинин билдирүүсү боюнча, мындай операциялар улуттар аралык кылмыштуулук жана баңгизат соодасы менен күрөшүүгө багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/03/1098991040_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3fa32aaf52510f59d61317cc84bb7056.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио