00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусунда “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун маселелерине байланыштуу жеринде көчмө жыйын болуп өттү. Президент Садыр Жапаровдун ыкчам тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Отурумдун жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводду сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланды. Ишкана кызматкерлери тарабынан өндүрүштүн кыскарышы, эмгек акынын кечиктирилиши жана жумушсуз калуу коркунучу боюнча тынчсыздануулары айтылды.Ага ылайык, завод кызматкерлерине төлөнбөй келген акыркы үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү тескеменин долбоору даярдалып, ошондой эле инвестор тартуу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Кыргызстан быйыл тышкы карызын алты валюта менен төлөй турганын, буга 50 миллиард 150,2 миллион сом каралганын Финансы министрлиги билдирди. Анын бештен бир бөлүгү үстөк пайыздарды төлөөгө сарптала турганы маалымдалды. Карыз төмөнкүдөй үлүштө төлөнөт: доллар — 74,4 пайыз; атайын карыз алуу укугу — 18,9 пайыз; евро — 3,9 пайыз; йена — 2,4 пайыз; юань — 0,3 пайыз; Түштүк Кореянын вону — 0,1 пайыз. Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн карызы 8,7 миллиард долларды түзөрүн, анын 5,2 миллиард доллары тышкы, калганы ички карыз экенин айткан. Мыйзам боюнча, карыздын ИДПга карата чеги 70 пайыз болсо, учурда 42 пайыз экенин билдирип, 2024-жылы тышкы карыз 37 пайызга чейин төмөндөгөнүн белгилеген.
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нурлан Айдиев мекеме улуттук маалыматтык системаны ишке киргизип жатканын айтты. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып, аны жасалма интеллектинин негизинде иштеп чыкты.Адистин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун 2026-жылдын 15-январынан тарта толук ишке берүү пландалып жатат.Ошондой эле ал быйыл Калкты тейлөө борборлору тарабынан 3,6 миллион кызмат көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Чүйдүн Байтик айылындагы 10 гектар жерге IT-шаарчанын курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки иш-чаралар планында айтылган. Документке ылайык, эмдиги жылы Digital Kyrgyz Hub долбоорунун башкы планы бекитилип, техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоордук документтери даярдалат. IT-шаарчада резиденттер үчүн кеңселер, акселераторлор, ЖИ жана киберкоопсуздук борборлору, билим берүү кластерлери, турак жай жана социалдык объектилер, ошондой эле Tier III+/IV деңгээлиндеги дата-борборлор кирет. Долбоор ишке ашса кеминде 5 миң жумуш орду түзүлүп, 200гө жакын IT-компания жана стартап резидент катары иш алып барары күтүлүүдө.
Шумкар
Жаңылыктар түрмөгү
0