00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Милиция менен жергиликтүү бийликке түнкүсүн тынчтыкты бузгандарга чара көрүү укугун берүү сунушу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштап, анда учурда ыйгарым укуктуу орган болгон Санэпидкөзөмөл департаментинде кадр жетишсиз экени жана кызматкерлер түнкүсүн иштебей турганы белгиленген. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарына жана ИИМ кызматкерлерине укук бузуу боюнча протокол түзүү укугун берүү сунушталууда.
“Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы жаңы жылдык майрамдарга карата уюштурулган “Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Сынак шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартуулоо, коомдук транспортто кызмат көрсөтүү маданиятын өнүктүрүү жана айдоочулардын чыгармачыл демилгелерин колдоо максатында өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Бишкек шаардык транспорту” ишканасынан мындай демилгелер дагы улантыларын белгилешип, бул калаа тургундарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана шаар чөйрөсүн ыңгайлуу кылууга салым кошорун билдиришти.
Россиянын Аскердик-аба күчтөрү президент Владимир Путиндин резиденциясына жасалган чабуулдун чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу Аскердик-аба жана космос күчтөрүнүн зениттик ракета аскерлеринин башчысы, генерал-майор Александр Романенков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, чабуул алдын ала кылдат пландалган. Романенков билдиргендей, чабуул фактысы 28-декабрда Москва убактысы боюнча саат 19:20лар чамасында аныкталган. Учкучсуз учуучу аппараттар Украинанын Сумы жана Чернигов облустарынан учурулган. Романенков Россиянын аскер кызматкерлери так уюшкандыкта, жогорку кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу аракет кылышканын баса белгиледи. Эске салсак, Киев режими 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына каршы террордук чабуул жасап, 91 учкучсуз аппаратты колдонгон. Абадан коргонуу күчтөрү алардын баарын жок кылган. Андан кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын кайра карап чыгарын билдирген. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков белгилегендей, мындай чагымдар Киев тарабынан АКШнын лидери Дональд Трамптын аракеттерин алсыратууга багытталган. Бирок бул Россия менен АКШнын ортосундагы диалогго таасир этпей турганын белгилеген. Песков ошондой эле аскерлер Украина тараптан жасалган чабуулга кантип качан жана эмне менен жооп берүүнү жакшы билишерин кошумчалаган. Ал эми АКШ лидери чабуул тууралуу укканда "абдан ачууланганын" билдирген.Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 42 тыйынга евро 102 сом 87 тыйынга
Жаңылыктар түрмөгү
0