https://sputnik.kg/20251231/1098956177.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эрежелер менен каттоо 2028-жылга чейин узартылганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Документке ылайык... 31.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-31T17:00+0600
2025-12-31T17:00+0600
2025-12-31T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098956011_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0bcfe60a1c2d5423d2f86aafbe07a829.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эрежелер менен каттоо 2028-жылга чейин узартылганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Документке ылайык, медициналык буюмдарды экспертизадан өткөрүү жана каттоо боюнча арыздарды 2027-жылдын 31-декабрына чейин берүүгө болот. Мурда бул мөөнөт 2025-жылдын аягына чейин деп белгиленип, 2026-жылдын 1-январынан тарта каттоо биримдиктин жалпы эрежелери боюнча гана жүргүзүлмөк. Өткөөл мезгилдин узартылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө медициналык буюмдарды бирдиктүү каттоо тутумуна этап-этабы менен өтүүгө шарт түзөрү белгиленди.
Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-октябрдан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү болуп саналат. Дыйкандар жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жарманкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен катышып жатышат.
Кыргызстандын Транспорт министрлиги жаңы жылдык майрамдарда башка шаарларга кетүүнү каалагандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча автобустарды жана маршруттук таксилерди ишке тартты. Бишкек автовокзалынан Ысык-Көлгө, Нарынга жана Таласка 364 пландуу каттам каралган, кошумча каттамдар үчүн 101 автобус резервде турат. Ушундай эле сандагы автобустар 8-январдан 12-январга чейин резервге коюлат. Билеттердин негизсиз кымбатташына жол бербөө үчүн аларды сатууга көзөмөл киргизилип, автобекеттерде нөөмөт уюштурулду. Транспорт министрлиги абал толук көзөмөлдө экенин кабарлады.
Кайгуул кызмат аймактарга каттаган такси айдоочуларын жол кирени негизсиз көтөрбөөгө чакырды Башкармалыктын башчысы өзү кыдырып, айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого, жол акысын кымбаттаптай эл үчүн ак ниет кызмат кылууга чакырды. Иш-чара жаңы жылдык майрамдардын алдында, жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн учурда жол кирени негизсиз жогорулатуу фактыларын алдын алуу максатында уюштурулду
Владимир Зеленскийди Россия лидери Владимир Путиндин резиденциясына кол салууга ким шыкактаганы тууралуу италиялык басылмасы макала даярдаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анда Россия президентинин резиденциясына дрондор менен жасалган чабуулдун артында бир гана Киев турбаганы айтылган. "Бул чабуулдун артында Зеленский жалгыз эмес экени айдан ачык. Жок дегенде Британиядагы анын негизги колдоочусунун шыкагы бар. Болбосо Зеленский мындай кадамга барууга батынмак эмес", — деп жазган басылма. Эске салсак, Киев режими 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына каршы террордук чабуул жасап, 91 учкучсуз аппаратты колдонгон. Абадан коргонуу күчтөрү анын бардыгын жок кылган. Кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын кайра карап чыгарын
ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эрежелер менен каттоо 2028-жылга чейин узартылганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Документке ылайык, медициналык буюмдарды экспертизадан өткөрүү жана каттоо боюнча арыздарды 2027-жылдын 31-декабрына чейин берүүгө болот. Мурда бул мөөнөт 2025-жылдын аягына чейин деп белгиленип, 2026-жылдын 1-январынан тарта каттоо биримдиктин жалпы эрежелери боюнча гана жүргүзүлмөк. Өткөөл мезгилдин узартылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө медициналык буюмдарды бирдиктүү каттоо тутумуна этап-этабы менен өтүүгө шарт түзөрү белгиленди. Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-октябрдан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү болуп саналат. Дыйкандар жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жарманкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен катышып жатышат. Кыргызстандын Транспорт министрлиги жаңы жылдык майрамдарда башка шаарларга кетүүнү каалагандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча автобустарды жана маршруттук таксилерди ишке тартты. Бишкек автовокзалынан Ысык-Көлгө, Нарынга жана Таласка 364 пландуу каттам каралган, кошумча каттамдар үчүн 101 автобус резервде турат. Ушундай эле сандагы автобустар 8-январдан 12-январга чейин резервге коюлат. Билеттердин негизсиз кымбатташына жол бербөө үчүн аларды сатууга көзөмөл киргизилип, автобекеттерде нөөмөт уюштурулду. Транспорт министрлиги абал толук көзөмөлдө экенин кабарлады.Кайгуул кызмат аймактарга каттаган такси айдоочуларын жол кирени негизсиз көтөрбөөгө чакырды Башкармалыктын башчысы өзү кыдырып, айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого, жол акысын кымбаттаптай эл үчүн ак ниет кызмат кылууга чакырды. Иш-чара жаңы жылдык майрамдардын алдында, жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн учурда жол кирени негизсиз жогорулатуу фактыларын алдын алуу максатында уюштурулдуВладимир Зеленскийди Россия лидери Владимир Путиндин резиденциясына кол салууга ким шыкактаганы тууралуу италиялык басылмасы макала даярдаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анда Россия президентинин резиденциясына дрондор менен жасалган чабуулдун артында бир гана Киев турбаганы айтылган. "Бул чабуулдун артында Зеленский жалгыз эмес экени айдан ачык. Жок дегенде Британиядагы анын негизги колдоочусунун шыкагы бар. Болбосо Зеленский мындай кадамга барууга батынмак эмес", — деп жазган басылма. Эске салсак, Киев режими 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына каршы террордук чабуул жасап, 91 учкучсуз аппаратты колдонгон. Абадан коргонуу күчтөрү анын бардыгын жок кылган. Кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын кайра карап чыгарын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098956011_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f15c0d1d6876f0b23187b4b43e8fc16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио