00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Почему конфликт на Украине затянулся - и с чего он начался: беседа с политологом из Крыма
14:05
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рост ОРВИ и грипп в Кыргызстане: как защитить детей этой зимой?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Биз курган үйлөр ЕАЭБ мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүүгө көмөктөш боло алат
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Айтматовдун феномени эмнеде? Жазуучу тууралуу маек
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Sputnik агенттиги Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлердин жаш курактарын ачык булактарда жарыяланган өмүр баяндарга карап анализдеди. Ага ылайык, эң жаш депутат 25те болсо, эң улуусу 69 жашта. Болочок парламент депутаттарынын орточо жаш курагы — 46. Депутаттыкка бараткандардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү: 25тен 29 жашка чейин — эки депутат; 30дан 39га чейин — 24 депутат; 40тан 49га чейин — 32 депутат; 50дөн 59га чейин — 26 депутат; 60 жаштан жогору курактагылар — 6 депутат. Парламентке жалпы жонунан 90 депутат өтөт.
Кыргызстанда 2-декабрдан 11-декабрга чейин Адам укуктарын коргоо күнүнө карата он күндүк декада өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы билдирет. Иш-чаранын негизги максаты - калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу. Декада өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ар бир жаранга акысыз жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Декада учурунда өлкөнүн бардык жерлеринде атайын консультациялык аянтчалар иштеп, тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип, укуктук маселелер боюнча кеңеш беришет. Мындан тышкары, юристтер жана адвокаттар жазаларды аткаруу мекемелерине барып, маалыматтык-укуктук түшүндүрмө иштерин жүргүзүшөт. Алар айыпталуучулар жана жазасын өтөп жаткандар үчүн да укук коргоо жаатында кеңеш берип, укуктук маданиятын жогорулатууга өз салымын кошушат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, жаңы киреше булагын түзүүгө тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө даяр. Ведомствонун маалыматына караганда, учурда республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жер аныкталган. Бул участоктор №243 токтомдун негизинде бардык жарандарга өздөштүрүү үчүн берилет. Министрлик бул аймактарды иштетүү менен ар бир жаран туруктуу киреше таба аларын, ал эми өлкөбүздү болсо жашыл аймакка айлантууга чоң салым кошоорун белгилейт. Министрлик ар бир жаранга колдоо көрсөтүүгө жана жер иштетүүгө толук шарт түзүүгө даяр.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Каспий түтүк өткөргүч консорциумунун (КТК) маанилүү инфраструктурасына жасалган чабуул боюнча Казакстан алдында актанууга аракет кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Консорциумдун билдирүүсүндө, 2025-жылдын 29-ноябрында Москва убактысы боюнча саат 04:06да КТКнын деңиз терминалынын акваториясында башкаруучусуз катерлерди колдонуп, террордук чабуул болгондугу айтылды. Андан улам жүктөө-причал жабдуусу талкаланган. Казакстандын ТИМи бул кол салууга карата нааразылыгын айткан. "Каспий түтүк өткөрүү консорциумунун инфраструктурасы боюнча Казакстандын түйшөлүп жатканы эске алынды", — деп айтылат Украина ТИМинин Telegram каналындагы билдирүүдө. Алардын айтымында, Казакстан инфраструктурасына жасалган чабуул "Казакстанга же башка үчүнчү тараптарга каршы багытталган эмес". Казак Тышкы иштер министрлиги Украинага нааразылыгын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0