https://sputnik.kg/20251124/1098060794.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде шахта урап, 110 метр тереңдикте камалып калгандар куткарылды.Гоар Барсегян ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп... 24.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-24T13:00+0600
2025-11-24T13:00+0600
2025-11-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098060628_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_af83d373c8e214f3a80477e939ac5557.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде шахта урап, 110 метр тереңдикте камалып калгандар куткарылды.Гоар Барсегян ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатканын айтты Бишкекте жыл соңуна чейин дагы 1080 ипотекалык батир ээсине берилери айтылдыМамлекеттик ипотеканын алкагында курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексинде жылдын соңуна чейин 1080 батир пайдаланууга берилет. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Ал эми калган блоктор келерки, тагыраагы, 2026-жылдын соңунда ээлерине тапшырылып калары айтылды. "Мурас" мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулмакчы.Аталган жерге барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду.
Баткендин Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, жер астында камалып калган төрт киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык, кечээ, 23-ноябрда, болгон. Жер астында кен казып жаткандар 110 метр тереңдикте урандыга камалып калышкан."Куткаруучулар алгач түтүк менен аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак кырсыктан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.
"ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатат". Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Рим шаарында өткөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун штаб-квартирасында билдирди. Анын айтымында, глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер дүйнөлүк агрардык рынокко жогорку сапаттагы продукция жеткирүү аркылуу ачарчылыкка каршы күрөшүүгө салым кошуп келе жатат. Союз буудай, күн карама майы жана тоңдурулган балык боюнча дүйнөдөгү алдыңкы экспортер болуп эсептелет. Буудай унун жана рапс майын экспорттоодо экинчи орунда, арпа жана шрот боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Гоар Барсегян БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун биринчи орун басары Маурицио Мартина менен жолугушту. Тараптар азык-түлүк багытындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Украина өкүлдөрү Женевадагы жолугушууда сунушталып жаткан тынчтык планынын долбоору Киевдин кызыкчылыктарына жооп берерин тастыктады. Бул тууралуу Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды. АКШ президентинин администрациясы сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун айтып, аны "олуттуу кадам" деп мүнөздөгөн. Маалыматка караганда, украиналык делегация Киевди түйшөлткөн бардык маселелер камтылганын ырастады. Анын ичинде коопсуздук кепилдиктери да бар. "Тактоо жана түзөтүүлөрдөн кийин учурдагы долбоор өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын чагылдырат. Жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн коопсуздугун камсыздайт. Украина документ ишенимдүү жана аткарууга мүмкүн болгон механизмдерди камтыйт деп эсептээрин билдирди", — деп айтылат Ак үй тараткан маалыматта. Белгилей кетсек, Женевадагы жолугушуудан кийин консультациялык сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими кабыл алынган.
Баткенде шахта урап, 110 метр тереңдикте камалып калгандар куткарылды.Гоар Барсегян ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатканын айтты Бишкекте жыл соңуна чейин дагы 1080 ипотекалык батир ээсине берилери айтылдыМамлекеттик ипотеканын алкагында курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексинде жылдын соңуна чейин 1080 батир пайдаланууга берилет. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Ал эми калган блоктор келерки, тагыраагы, 2026-жылдын соңунда ээлерине тапшырылып калары айтылды. "Мурас" мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулмакчы.Аталган жерге барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду.Баткендин Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, жер астында камалып калган төрт киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык, кечээ, 23-ноябрда, болгон. Жер астында кен казып жаткандар 110 метр тереңдикте урандыга камалып калышкан."Куткаруучулар алгач түтүк менен аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак кырсыктан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес. "ЕАЭБ глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатат". Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Рим шаарында өткөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун штаб-квартирасында билдирди. Анын айтымында, глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер дүйнөлүк агрардык рынокко жогорку сапаттагы продукция жеткирүү аркылуу ачарчылыкка каршы күрөшүүгө салым кошуп келе жатат. Союз буудай, күн карама майы жана тоңдурулган балык боюнча дүйнөдөгү алдыңкы экспортер болуп эсептелет. Буудай унун жана рапс майын экспорттоодо экинчи орунда, арпа жана шрот боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Гоар Барсегян БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун биринчи орун басары Маурицио Мартина менен жолугушту. Тараптар азык-түлүк багытындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.Украина өкүлдөрү Женевадагы жолугушууда сунушталып жаткан тынчтык планынын долбоору Киевдин кызыкчылыктарына жооп берерин тастыктады. Бул тууралуу Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды. АКШ президентинин администрациясы сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун айтып, аны "олуттуу кадам" деп мүнөздөгөн. Маалыматка караганда, украиналык делегация Киевди түйшөлткөн бардык маселелер камтылганын ырастады. Анын ичинде коопсуздук кепилдиктери да бар. "Тактоо жана түзөтүүлөрдөн кийин учурдагы долбоор өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын чагылдырат. Жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн коопсуздугун камсыздайт. Украина документ ишенимдүү жана аткарууга мүмкүн болгон механизмдерди камтыйт деп эсептээрин билдирди", — деп айтылат Ак үй тараткан маалыматта. Белгилей кетсек, Женевадагы жолугушуудан кийин консультациялык сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими кабыл алынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098060628_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f6cce45baf30167a36c9645c92befc6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио