https://sputnik.kg/20251113/1097815217.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мындан ары юридикалык жактарды каттоодо негиздөөчүлөрдүн каржы кылмыштары үчүн соттуулугу текшерилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 13.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-13T11:00+0600
2025-11-13T11:00+0600
2025-11-13T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097815051_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_63b8700f7725bd2b4647365b7162c8e1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мындан ары юридикалык жактарды каттоодо негиздөөчүлөрдүн каржы кылмыштары үчүн соттуулугу текшерилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылган. Ага ылайык, бул чара "каржы пирамидаларын", "бир күндүк фирмаларды" жана мыйзамсыз акча адалдоо схемаларын алдын алууга жардам берет. Ошондой эле документ мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн юридикалык жактарды колдонууга бөгөт коюу жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет.
Россия Кыргызстанга өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайыкталган 651 миң китеп жеткирип берди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, окуу китептери кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн адаптацияланган."Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт", — деп кабарлады мекеме. Учурда 3, 4, 6, 8, 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ылайыкташтыруу иштери башталды.
ЕАӨБдүн Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын аталган банктын башкаруучуларынын төрагасы Тигран Саркисян айтып берди. Сентябрда банк республика үчүн артыкчылык бериле турган 15 долбоорду аныктаган. Саркисяндын айтымында маанилүү багыттардын бири ыкчам талкуу, анализ жүргүзүүчү борбордун ишке кириши болду. "Бул — өлкө боюнча ар кыл маалыматтарды онлайн алууга шарт түзгөн майнаптуу механизм. Ага жалгаштырылган жасалма интеллект администрацияга кызыктырган бардык суроолорго жооп алууга көмөктөшөт", — деди Саркисян. Мындан сырткары, Россиянын почтасынан Кыргызстандыкына акча жөнөтүү үчүн санарип платформаны түзүү иштери пландалып жатат. Буга кошумча, коммерциялык уюмдардын ортосунда электрондук жана санарип түрдө кол койгондо аны тастыктай турган кызмат да түптөлмөкчү.
Россия менен Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаев өлкөлөрдүн мамилесин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлге көтөрүү тууралуу декларацияга кол койду. Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери "Союз-5" ракеталарын жана "Байтерек" комплексин сыноо үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүү жөнүндө жана Россиядан амур жолборсторун алып келүү жөнүндөгү келишимдерге кол коюшту. Путин сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун билдирген. Алар эки тараптуу кызматташуудагы түрдүү маселелерди талкуулап, эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашып, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Ал эми Токаев өз кезегинде мамлекеттердин алакасынын масштабын уникалдуу деп атаган. Анын айтымында, Москва менен Астана республиканын аймагында өзөктүк станцияны куруу жөнүндөгү келишимге жакын арада кол коюшат. Ошондой эле Путинди келе жаткан жылы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Путин Казакстан лидеринин кесиптешинин бул сунушун кабыл алды.
Кыргызстанда мындан ары юридикалык жактарды каттоодо негиздөөчүлөрдүн каржы кылмыштары үчүн соттуулугу текшерилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылган. Ага ылайык, бул чара "каржы пирамидаларын", "бир күндүк фирмаларды" жана мыйзамсыз акча адалдоо схемаларын алдын алууга жардам берет. Ошондой эле документ мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн юридикалык жактарды колдонууга бөгөт коюу жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан. Токтом долбоору жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет. Россия Кыргызстанга өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайыкталган 651 миң китеп жеткирип берди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, окуу китептери кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн адаптацияланган."Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт", — деп кабарлады мекеме. Учурда 3, 4, 6, 8, 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ылайыкташтыруу иштери башталды.ЕАӨБдүн Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын аталган банктын башкаруучуларынын төрагасы Тигран Саркисян айтып берди. Сентябрда банк республика үчүн артыкчылык бериле турган 15 долбоорду аныктаган. Саркисяндын айтымында маанилүү багыттардын бири ыкчам талкуу, анализ жүргүзүүчү борбордун ишке кириши болду. "Бул — өлкө боюнча ар кыл маалыматтарды онлайн алууга шарт түзгөн майнаптуу механизм. Ага жалгаштырылган жасалма интеллект администрацияга кызыктырган бардык суроолорго жооп алууга көмөктөшөт", — деди Саркисян. Мындан сырткары, Россиянын почтасынан Кыргызстандыкына акча жөнөтүү үчүн санарип платформаны түзүү иштери пландалып жатат. Буга кошумча, коммерциялык уюмдардын ортосунда электрондук жана санарип түрдө кол койгондо аны тастыктай турган кызмат да түптөлмөкчү. Россия менен Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаев өлкөлөрдүн мамилесин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлге көтөрүү тууралуу декларацияга кол койду. Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери "Союз-5" ракеталарын жана "Байтерек" комплексин сыноо үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүү жөнүндө жана Россиядан амур жолборсторун алып келүү жөнүндөгү келишимдерге кол коюшту. Путин сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун билдирген. Алар эки тараптуу кызматташуудагы түрдүү маселелерди талкуулап, эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашып, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Ал эми Токаев өз кезегинде мамлекеттердин алакасынын масштабын уникалдуу деп атаган. Анын айтымында, Москва менен Астана республиканын аймагында өзөктүк станцияны куруу жөнүндөгү келишимге жакын арада кол коюшат. Ошондой эле Путинди келе жаткан жылы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Путин Казакстан лидеринин кесиптешинин бул сунушун кабыл алды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097815051_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_38ced09c0a5f30ea4dfe948fc8daedea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио