https://sputnik.kg/20251105/1097639997.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчыны “Каир” эл аралык аэропортунан... 05.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-05T11:00+0600
2025-11-05T11:00+0600
2025-11-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/05/1097639831_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2eccdd9c8798697a9a5c4df5be5e5a12.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчыны “Каир” эл аралык аэропортунан Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.Жапаров сапардын алкагында Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугары айтылган. Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер талкууланып, экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо багыттары боюнча бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.Эске салсак, бул — Кыргызстан башчысынын өлкө эгемендик алгандан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары.
Өлүм жазасын киргизүүнү эл өзү чечиши керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өлкөдөгү радиолодун бирине берген маегинде айтты. Анын айтымында, соттор кабыл алынган мыйзамды аткарууга милдеттүү. "Өлүм жазасын эл өзү референдум аркылуу кабыл алат. Өмүр бою эркинен ажыратуубу же өлүм жазасын киргизүүбү, эл өзү тандайт. Соттор кабыл алынган мыйзамды аткарат, биз буга милдеттүүбүз", — деди Сатыев. Төрага маегинде аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн жаза күчөтүлүшү керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сентябрдын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин айтыла баштаган. Окуя боюнча билдирүү жасаган президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган. Конституцияга киргизилчү өзгөртүү 13-октябрда коомдук талкууга илинген.
Аба ырайына байланыштуу айрым жолдордо оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусундагы 60-чакырымында, ошондой эле "Сосновка" жана "Чычкан" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө. "Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу суранабыз",- деп айтылат маалыматта.
Россиянын президенти Владимир Путин Элдик биримдик күнүнүн урматына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, кайрылуу жасаганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы сөзүндө Россия элдеринин биримдиги ыйык экенин белгилеп, өлкө эли глобалдуу чакырыктарга, кооптуулуктарга туруштук берүүдө бир муштумга түйүлө аларын, Россиянын санаалаштары арбын экенин айтты. Путин токтолгон учурлар: Бул күн өзгөчө мааниге ээ, анткени биримдик Россиянын эгемендигинин сакталышын түшүндүрөт; Россия өз ара пайдалуу алакага, мамилени бекемдөөгө жана маданий байланышты өнүктүрүүгө дайым ачык; Россия коңшулары менен эле эмес, Жер жүзүндөгү бардык элдер менен достук мамиле курууга, кызматташууга даяр.
Садыр Жапаров 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчыны “Каир” эл аралык аэропортунан Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.Жапаров сапардын алкагында Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугары айтылган. Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер талкууланып, экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо багыттары боюнча бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.Эске салсак, бул — Кыргызстан башчысынын өлкө эгемендик алгандан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары.Өлүм жазасын киргизүүнү эл өзү чечиши керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өлкөдөгү радиолодун бирине берген маегинде айтты. Анын айтымында, соттор кабыл алынган мыйзамды аткарууга милдеттүү. "Өлүм жазасын эл өзү референдум аркылуу кабыл алат. Өмүр бою эркинен ажыратуубу же өлүм жазасын киргизүүбү, эл өзү тандайт. Соттор кабыл алынган мыйзамды аткарат, биз буга милдеттүүбүз", — деди Сатыев. Төрага маегинде аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн жаза күчөтүлүшү керектигин кошумчалады. Эскерте кетсек, өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сентябрдын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин айтыла баштаган. Окуя боюнча билдирүү жасаган президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган. Конституцияга киргизилчү өзгөртүү 13-октябрда коомдук талкууга илинген.Аба ырайына байланыштуу айрым жолдордо оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусундагы 60-чакырымында, ошондой эле "Сосновка" жана "Чычкан" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө. "Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу суранабыз",- деп айтылат маалыматта.Россиянын президенти Владимир Путин Элдик биримдик күнүнүн урматына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, кайрылуу жасаганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы сөзүндө Россия элдеринин биримдиги ыйык экенин белгилеп, өлкө эли глобалдуу чакырыктарга, кооптуулуктарга туруштук берүүдө бир муштумга түйүлө аларын, Россиянын санаалаштары арбын экенин айтты. Путин токтолгон учурлар: Бул күн өзгөчө мааниге ээ, анткени биримдик Россиянын эгемендигинин сакталышын түшүндүрөт; Россия өз ара пайдалуу алакага, мамилени бекемдөөгө жана маданий байланышты өнүктүрүүгө дайым ачык; Россия коңшулары менен эле эмес, Жер жүзүндөгү бардык элдер менен достук мамиле курууга, кызматташууга даяр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/05/1097639831_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6b0abe9b511c92b66a38529ec6497f09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио