00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
УКМК куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда айрым түзүмдөрдөн байланышты жана интернетти өчүрүүнү сунуштады.Мыйзамдын долбоору кылмыштын ар кыл түрлөрү менен күрөшүү максатын көздөйт. Аны менен бирге эле бир катар эрежелер өлкөнүн жаңы Санарип кодексине ылайыкташтырылууда. Комитет азыркы согуштарда смартфондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын түшүндүрдү.Мындан тышкары, тергөө иштери жүрүп жатканда мобилдик байланыш операторлору колдонуучулар тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга берүүгө милдеттүү болот.
Бишкекте ата мекендик спортчулар үчүн "Мүрөк" аттуу медициналык жана реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессинен өтө алышат.Анын ачылышы спорттук уюмдардын чет өлкөдө дарыланууга жана калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык кабинеттер болот. КФС борборду футбол боюнча улуттук курама командалар үчүн туруктуу медициналык база катары колдонууну пландап жатат. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулардын параддык кийимине жана сыйлык атрибутикасынын дизайнына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция билдирди. Форма улуттук стилде жасалып, оюндардын символикасынын элементтери кошулуп, ыңгайлуу жана коопсуз болушу зарыл. Конкурска дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле чыгармачыл жамааттар катыша алат. I орунга — 150 миң сом; II орунга – 100 миң сом; III орунга – 80 миң сом байге каралган. Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер үчүн сыйлык атрибутикасынын дизайны улуттук колоритти, Көчмөндөр оюндарынын символикасын, рухун чагылдырышы шарт. Талап боюнча, медаль, сертификат, дипломдордун баары бирдиктүү стилде аткарылып, түстөр жана улуттук өң-түс элементтери айкалышып турушу зарыл. Эмгектер техникалык колдонууга ылайыктуу болушу керек. I орунга – 100 000 сом; II орунга – 80 000 сом; III орунга 50 000 сом байге каралган. Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 17-ноябрга чейин Дене тарбия жана спорт агенттиги кабыл алат.
Россия менен Кытай санкцияларга каршы турууда бири-бирине жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алынган коммюникеде айтылганын РИА Новости кабарлады. РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кытайга дүйшөмбү күнү барган. КЭР Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цян менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлган. Тараптар көз карандысыз мамлекеттин активин анын уруксатысыз бөгөттөө, конфискациялоо глобалдуу финансылык системага доо кетирерин белгилешти. Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөрдө жүргөн жарандарын коргоо, өзгөчө абал жана куралдуу кагылыш учурунда эвакуациялоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашышты. Кытай өз кезегинде Россиянын коопсуздукту, стабилдүүлүктү камсыздоо багытындагы аракеттерин колдой турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0