00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Бишкектин ышын азайта турган жабдык ойлоп тапкан Амантур Салымбаев
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
34 Өлкөдөн барган 350 тасманын ичинен кыргыз фильмдери алдыңкы орундарды алды
17:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ильяс Амангазиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, БШКнын 2-ноябрдагы жыйынында №25 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Ильяс Амангазиевди каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Ильяс Амангазиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган. Буга анын кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү себеп болгон. Амангазиев милицияга суракка чакырылып, кримтөбөл менен түшкөн сүрөттө өзү экенин тастыктаган. Бирок Жумушчу топтун отурумуна катышуудан баш тарткан. БШК эгерде адам уюшкан кылмыштуу же куралдуу топко тиешеси бар катары тизмеде турса, талапкер болуп каттала албай турганын эскертти.
Бишкектеги менчик мектепте шаурмага уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Анын айтымында, уулангандардын 68и — балдар, калганы — чоң кишилер. "Беш бейтап ооруканадан чыкты, дагы сегиз адам дарыланып жатат, абалдары туруктуу. Алар анализдеринин жыйынтыгы менен чыгарылышы мүмкүн", — деди Аалиев.
Мосвка районунун Бала-Айылчы айылында 63 жаштагы киши аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди. Маалыматка ылайык, окуя боюнча Москва райондук милициясына 1-ноябрда билдирүү келип түшкөн. Тергөө тобу кылмыш болгон жерге барып, үй-бүлөлүк жаңжал чыгып, киши мас абалында 49 жаштагы аялын курал менен атып, ал каза болуп калганын билген. Факт боюнча РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милициядан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатканын белгилешти.
Журналисттерди өлтүрүү жана аларга карата жасалган террорчулук үчүн жазасыз калып, ошондой эле анын баарын Батыштын жаап-жашыруу аракеттери Киев режимин кайрадан мыкаачылык менен кылмыш жасоого түртүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Ушул жылдын башынан бери эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан, атайын чабуулдун кесепетинен россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын кем дегенде алты кызматкери каза болду", — деп айтылат РФ ТИМинин сайтында жарыяланган билдирүүдө. 2-ноябрь — Журналисттерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жазасыздыкты жоюунун эл аралык күнү. Бул дата 2013-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясындагы чечимдин негизинде түзүлүп, максаты дүйнөлүк коомчулукка ЖМК кызматкерлерин кылмыштуу жана террордук кол салуулардан коргоо, аларга каршы жасалган кылмыштар үчүн сөзсүз жазага тартуу сыяктуу принципке көңүл буруу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0