00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт. Боршайкомдон маалымдашкандай, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат. 28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү. Эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2 492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.
Кыргызстандын экономикасы өсүп жаткан чакта өлкө квалификациялуу кадрларга муктаж. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Бишкекте өтүп жаткан мектеп директорлорунун III форумунда билдирди.Анын айтымында, республикага курулушчулар, инженерлер, энергетиктер, медицина, транспорт жана айыл чарба кызматкерлери керек. Адистерди даярдоо үчүн үч россиялык-кыргыз консорциуму түзүлүп, 85 окуу жайды бириктирүүдө. "Россотрудничествонун миссиясы — Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн биздин досторубуз жана өнөктөштөрүбүз үчүн жеткиликтүү кылуу. Биз биринчи кезекте кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде тапшырууга жардам беребиз. Быйыл Россия өкмөтү Кыргызстандан келген студенттерге, анын ичинде педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча 700 орунга квота бөлгөн. Окуу акысыз, жатакана, стипендия берилет", — деди Зульхарнеев. Мындан тышкары, Россотрудничествонун колдоосу менен Кыргызстанда "Россия сени менен" аттуу кошумча билим берүү борборлору иштеп жатат. Анда мектеп окуучулары орус тилин үйрөнүп, ар кандай курстардан өтүшүүдө. Ноябрь айында Ош облустук китепканасында жаңы борбор ачуу пландалууда. Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Орус тилинен сабак берген мугалимдер үчүн Кыргызстанда да, Россияда да билим берүү курстары уюштурулган.
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында оңдоо иштери убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. Оңдоо иштери 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Бишкекте өтө турган Россиянын маданият күндөрүнө байланыштуу токтотулмакчы. Бул күндөрү театрдын сахнасында Никита Михалков жетектеген "Мастерская 12" студиясынын спектаклдери көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр “12” жана “Жоголгон убакыт жөнүндө жомок” аттуу чыгармаларды көрө алышат. Ал эми 91-театр сезонунун расмий ачылышы ноябрь айынын аягына пландалганы кошумчаланды.
Москвадан айырмаланып, Киевдин союздаштарынын анын жеңишке жетүүсү боюнча планы жок. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине таянып билдирди. "Россиянын жеңем деген планы бар, ал эми Украинаныкы — эптеп жан багуу. Анын союздаштарынын кандайдыр бир планы барбы деген собол маанилүү болуп турат. Эгерде кыска жооп бере турган болсок, азырынча жок", — деп макалада айтылат. Басылманын баяндамачысы АКШ менен Европанын ыргылжың саясаты Украинанын Россия менен кармашындагы талуу жерлеринин бири болуп калганын белгиледи. Ал Батыштын алакан жайып отуруп алышы согуштун соңуна таасирин тийгизип жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0