https://sputnik.kg/20251025/1097401693.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө... 25.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-25T15:00+0600
2025-10-25T15:00+0600
2025-10-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/19/1097401527_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3ffb4f8bc9c3ba8a4f5cfb817c41f157.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин жамаатын бул маанилүү маараке менен куттуктап, улуттук университетке 3-даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бул мамлекеттик сыйлык университеттин билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды. Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон.
Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбековду түндө төрт киши сабап кетти.Окуя түндө болжол менен саат 01:30 чамасында, борбор калаанын батышында болгон. Таалайбеков жаагы жана тиши сынганын, башы, буту-колунан жаракат алганын биздин редакцияга билдирди. Учурда ал медициналык экспертизадан өтүп, ооруканада дарыланууда. Анын мурдагы кесиптеши, инспектор Надыр Жусупов түндө окуя болгон жерге барган. Ал Царикаев аялы менен автоунаасында кетип баратканда Toyota автокөлүгү келип сүзгөнүн айтып берди.Машинадан эки киши чыгып, ага дагы экөө кошулган. Алгач айтыша кетип, андан соң беркилер Таалайбековду караңгыраак жерге алып барып, сабашкан.Инспектор Жусупов шектүүлөрдүн экөө качып кетип, бирок табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин айтты.
Контент жаратууда мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин эскертүүсүндө айтылган. Шаардык милиция коомдук тартипке шек келтирген, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана адам укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана атайын сахналаштырылган видеолор көбөйгөнүн белгиледи.Тартип сакчылары мыйзамды бузган материалдарды таркатууга жол берилбей турганын эске салып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Шаардык милиция бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти урматтоого, жарандардын укуктарына этият мамиле кылууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле сөз эркиндиги мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпой турганы белгиленди.
Eкраина кармашын токтотуу шарттары Владимир Зеленскийге 2022-жылы Стамбулда сунушталгандагысына караганда бир кыйла начар болот. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Вадим Ивченко эскерткенин РИА Новости агенттиги жазды.Ошондой эле парламентарий кайсы бир макулдашуулар Украинасыз түзүлсө, анда Зеленскийди болгону бул тууралуу кабардар кылып, андан ары документке жазылгандарды аткарууга мажбурлашарын белгилеген.Ишембиде Россиянын президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуулар боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына курган маегинде Москва Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча эртерээк чечкенге кызыкдар экенин айткан. Ошол эле учурда тынчтыкка Россиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен гана жетүү мүмкүндүгүн белгилеген. Дмитриев Fox News басылмасына курган маегинде Украинадагы чырды чечүү бир нече элементтерди камтый турганын айткан. Анын ичинде аймактар, Украинанын нейтралдуулугу жана коопсуздук кепилдиктери бар.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин жамаатын бул маанилүү маараке менен куттуктап, улуттук университетке 3-даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бул мамлекеттик сыйлык университеттин билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды. Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон.Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбековду түндө төрт киши сабап кетти.Окуя түндө болжол менен саат 01:30 чамасында, борбор калаанын батышында болгон. Таалайбеков жаагы жана тиши сынганын, башы, буту-колунан жаракат алганын биздин редакцияга билдирди. Учурда ал медициналык экспертизадан өтүп, ооруканада дарыланууда. Анын мурдагы кесиптеши, инспектор Надыр Жусупов түндө окуя болгон жерге барган. Ал Царикаев аялы менен автоунаасында кетип баратканда Toyota автокөлүгү келип сүзгөнүн айтып берди.Машинадан эки киши чыгып, ага дагы экөө кошулган. Алгач айтыша кетип, андан соң беркилер Таалайбековду караңгыраак жерге алып барып, сабашкан.Инспектор Жусупов шектүүлөрдүн экөө качып кетип, бирок табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин айтты.Контент жаратууда мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин эскертүүсүндө айтылган. Шаардык милиция коомдук тартипке шек келтирген, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана адам укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана атайын сахналаштырылган видеолор көбөйгөнүн белгиледи.Тартип сакчылары мыйзамды бузган материалдарды таркатууга жол берилбей турганын эске салып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Шаардык милиция бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти урматтоого, жарандардын укуктарына этият мамиле кылууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле сөз эркиндиги мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпой турганы белгиленди.Eкраина кармашын токтотуу шарттары Владимир Зеленскийге 2022-жылы Стамбулда сунушталгандагысына караганда бир кыйла начар болот. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Вадим Ивченко эскерткенин РИА Новости агенттиги жазды.Ошондой эле парламентарий кайсы бир макулдашуулар Украинасыз түзүлсө, анда Зеленскийди болгону бул тууралуу кабардар кылып, андан ары документке жазылгандарды аткарууга мажбурлашарын белгилеген.Ишембиде Россиянын президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуулар боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына курган маегинде Москва Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча эртерээк чечкенге кызыкдар экенин айткан. Ошол эле учурда тынчтыкка Россиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен гана жетүү мүмкүндүгүн белгилеген. Дмитриев Fox News басылмасына курган маегинде Украинадагы чырды чечүү бир нече элементтерди камтый турганын айткан. Анын ичинде аймактар, Украинанын нейтралдуулугу жана коопсуздук кепилдиктери бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/19/1097401527_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ae15e4607b923ce5acea78ff63d49045.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио