00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Бишкек задыхается: почему проблема смога остаётся нерешённой
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый закон о безопасности еды по правилам ЕАЭС: что теперь обязаны соблюдать производители
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бүгүн эл аралык коомчулук алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирсти коргоо күнүн белгилеп жатат. Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы өзгөчө сыймык экенин президент Садыр Жапаров куттуктоосунда айтты. Өлкө башчы бир жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунда ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциянын кабыл алынышы Кыргызстан үчүн дипломатиялык ийгилик болгонун белгилеген. "Ак илбирс – ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эркиндик менен чыдамкайлыктын жандуу символу. Бул күндө Кыргызстан тоолорубуздун сакчысын даңазалаган дүйнөлүк акциянын башында турат. Алардын аман калышы биздин экосистемабызга, мурасыбызга жана келечегибизге түздөн-түз байланыштуу", — деп белгилеген президент. Ал 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убактыбызды жөө басууга, көнүгүү жасоого жана сейилдөөгө арноону сунуштаган.
Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы октябрь айынын соңуна чейин гана жетет, баа кеминде 15 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Россиянын ички рыногунда күйүүчү май тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга чектелүү көлөмдө жеткирилип жатат. Буга байланыштуу Экономика министрлиги баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн бир катар чараларды сунуштоодо. Анын бири салык жүгүн убактылуу чектөө. Бул төлөмдөр өздүк нарктын болжол менен 20 пайызын түзөт.
Кыргызстандык 9 жаштагы Арсен Мухтарбеков IX эл аралык "Борбор Азия романсиадасы" сынагында баш байгени жеңип алды Гала-концерт Бишкекте өттү. Байгелер Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан катышкан аткаруучуларга ыйгарылды. Эми Мухтарбеков Москвада декабрь айында өтө турган романсиадага Кыргызстандын атынан барат. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов бул иш-чара кыргыз жана орус элинин жалпы тарыхын чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, мындай сынактар түрдүү улуттардын алакасын пайдалуу гана эмес, жагымдуу да кылуу менен ынтымакты бекемдейт. Конкурстун башкы өнөктөшү КМШ мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда маданий-социалдык долбоорлорду колдогон "Евразия" бейөкмөт уюму, Бишкектеги "Русский дом", Россиянын элчилиги жана башкалар болду. Сынактын медиаөнөктөшү — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги.
АКШнын Сенаты шатдаунду токтото турган мыйзам долбоорун 12инчи ирет кабыл алган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, республикачылардын өкмөттү каржылоону улантуу жөнүндөгү мыйзам долбоору бул жолу дагы 60 добуш ала албай, АКШнын өкмөттүк мекемелери жабык бойдон калууда. Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсондун айтымында, АКШ өкмөтүндөгү шатдаун — өлкө тарыхындагы узакка созулган экинчи учур. Буга чейинки 35 күнгө созулган шатдаун Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болгон. Өлкө президенти шатдаунду кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан арылуу максатында колдонорун айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0