https://sputnik.kg/20251016/nyurnberg-tribunalynda-birinchi-okum-12-kishige-chykkan-1097205654.html
Нюрнберг трибуналы: биринчи өкүм 12 кишиге чыккан. Тарыхый видео
Нюрнберг трибуналы: биринчи өкүм 12 кишиге чыккан. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда адамзатка жасаган кылмыштары үчүн нацисттер апаат аяктагандан кийин баары бир өздөрүнүн "энчисин" алган. Тагыраагы, Нюрнберг... 16.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-16T20:03+0600
2025-10-16T20:03+0600
2025-10-16T20:03+0600
видео
ссср
улуу ата мекендик согуш
нюрнберг
трибунал
сот
өкүм
өлүм жазасы
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097205474_0:236:1080:844_1920x0_80_0_0_9fb23ad37b1070ead691217f7c7b2552.jpg
Кеп башынан болсун. Гитлерчилердин ашкан мыкаачылык менен жасаган кылмыштарын советтик тергөөчүлөр дүйнөгө ачыкташкан. Ага чейин Батыш өлкөлөрү нацисттердин жырткычтыгын анчейин аңдашкан эмес. Далилдер так жана жетиштүү болгонуна карабай айыпталуучулар жазадан кыйгап өтүүгө аракет кылышкан. Ошентип 12 кишини өмүрүнөн ажыратуу чечими кабыл алынган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон. Биринчилерден болуп Риббентроптун өкүмү аткарылган. Анын акыркы сөздөрү төмөнкүдөй болгон: "Кудай, Германияны сактай көр. Германия бирдиктүү болсун деген менин акыркы тилегим бар эле. Батыш менен Чыгыш түшүнүшүүгө келсин дегенмин". Америка армиясынын штаттык баш кесери Жон Вудс өлүм жазасын аткарууну начар уюштурган. Люк тар болгондуктан жаза ала тургандар анын чекесине улам урунуп калып жаткан. Жиптин узундугу менен люктун тереңдиги эсептелбей калып, нацисттер моюн омурткаларынын сынганынан эмес, муунгандан жан берген. Өлтүрүлгөн нацисттердин сөөгүн Мюнхендеги крематорийге алып келишкен. Ал жерде иштегендер кимди өрттөй тургандыгын билишкен эмес. Аталган жай курчоого алынган. Ишке киришердин алдында өлүктү алмаштырып койбогондугун тактоо үчүн ар бир табытты текшерип чыгышкан. Эки күндөн кийин өлүктөрдүн күлүн Мюнхендеги Изар дарыясындагы көпүрөдөн сууга жашыруун чачып жиберишкен.Тема боюнча:
ссср
нюрнберг
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097205474_0:135:1080:945_1920x0_80_0_0_37b9f12cc56031c575d75baa6c82802a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, ссср, улуу ата мекендик согуш, нюрнберг, трибунал, сот, өкүм, өлүм жазасы, видео
видео, ссср, улуу ата мекендик согуш, нюрнберг, трибунал, сот, өкүм, өлүм жазасы, видео
Нюрнберг трибуналы: биринчи өкүм 12 кишиге чыккан. Тарыхый видео
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда адамзатка жасаган кылмыштары үчүн нацисттер апаат аяктагандан кийин баары бир өздөрүнүн "энчисин" алган. Тагыраагы, Нюрнберг трибуналынын өлүм жазасы боюнча биринчи өкүмү 1946-жылы 16-октябрга караган түнү аткарылган.
Кеп башынан болсун. Гитлерчилердин ашкан мыкаачылык менен жасаган кылмыштарын советтик тергөөчүлөр дүйнөгө ачыкташкан. Ага чейин Батыш өлкөлөрү нацисттердин жырткычтыгын анчейин аңдашкан эмес. Далилдер так жана жетиштүү болгонуна карабай айыпталуучулар жазадан кыйгап өтүүгө аракет кылышкан.
Ошентип 12 кишини өмүрүнөн ажыратуу чечими кабыл алынган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон.
Биринчилерден болуп Риббентроптун өкүмү аткарылган. Анын акыркы сөздөрү төмөнкүдөй болгон: "Кудай, Германияны сактай көр. Германия бирдиктүү болсун деген менин акыркы тилегим бар эле. Батыш менен Чыгыш түшүнүшүүгө келсин дегенмин".
Америка армиясынын штаттык баш кесери Жон Вудс өлүм жазасын аткарууну начар уюштурган. Люк тар болгондуктан жаза ала тургандар анын чекесине улам урунуп калып жаткан. Жиптин узундугу менен люктун тереңдиги эсептелбей калып, нацисттер моюн омурткаларынын сынганынан эмес, муунгандан жан берген.
Өлтүрүлгөн нацисттердин сөөгүн Мюнхендеги крематорийге алып келишкен. Ал жерде иштегендер кимди өрттөй тургандыгын билишкен эмес. Аталган жай курчоого алынган. Ишке киришердин алдында өлүктү алмаштырып койбогондугун тактоо үчүн ар бир табытты текшерип чыгышкан.
Эки күндөн кийин өлүктөрдүн күлүн Мюнхендеги Изар дарыясындагы көпүрөдөн сууга жашыруун чачып жиберишкен.