https://sputnik.kg/20251014/1097146521.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Балта шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мэри Мирлан Жекшенов кызматынан алынып, ордуна Салмурбек уулу Азат дайындалды. Мындай тескемелерге президент... 14.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-14T15:00+0600
2025-10-14T15:00+0600
2025-10-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097146355_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_47d01650abdaa1508bea685a9209faef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Балта шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мэри Мирлан Жекшенов кызматынан алынып, ордуна Салмурбек уулу Азат дайындалды. Мындай тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, Жекшенов быйыл 30-июнда кармалып, калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн бир миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышын тиешелүү органдар иликтеп баштаган. Кечирээк УКМК Кара-Балта мэриясынын үч кызматкерин мамлекетке 26 миллион сомдук зыян алып келди деген шек менен кармаганын билдирген.
Глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн ЕАЭБ бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өткөн "Евразиялык логистика күнү" эл аралык форумунда билдирди. Ал белгилегендей, биримдик товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, транспорт системасынын натыйжалуулугун жана байланышын жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү сыяктуу тармактарга багытталган. Мунун баары эл аралык координациялоо, инфраструктуралык долбоорлор, тоскоолдуктарды жоюу жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу ишке ашат. "Электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана Интеллектуалдык транспорттук системалар концепциясын ишке ашыруу аркылуу транспортту санариптештирүү эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы сооданын өсүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди Кожошев.ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак — бир жол", "Түндүк деңиз жолу", "Транскаспий жолу" долбоорлору менен өз ара кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий деңизи аркылуу Инд океанына чейинки Түндүк — Түштүк коридору тездик менен өнүгүп, Астрахань жана Актау портторун, жаңы темир жолдорду модернизациялоо жүк ташууну илгерилетүүгө азыртадан эле оң таасирин тийгизүүдө.
АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарынан элүүнү гана бере алат. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды."Вашингтон Киевге 20дан 50гө чейин гана "Томагавк" канаттуу ракеталарын бермекчи, анткен менен алар согуштун жүрүшүнө таасирин олуттуу тийгизе деле албайт", — деп айтылган анда.Пентагондун мурдагы кызматкери Марк Канчиан Кошмо Штаттардын мындай 4150 ракетасы бар экендигин билдирген. Анткен менен Вашингтон Киевге бир нечесин гана бере ала турганы маалым болду. Эксперттердин айтымында, 2022-жылы сатып алынган 200 ракетанын 120сы колдонулган. Келерки жылдын бюджетине алардын 57син алууга гана каражат бөлүү пландалган.Ал арада америкалык Oshkosh Defense компаниясы "Томагавк" үчүн жасалган, ташып жүрө ала турган дүрмөттөөчү түзүмдөрдүн ар кыл түрлөрүн көрсөттү. АКШнын армиясы ассоциациясынын 13-15-октябрда болчу көргөзмөсүндө Oshkosh Defense аталган ракеталардын өндүрүшкө даяр турган көчмө үч вариантын көрсөтө турганы айтылды.Эске салсак, өткөн аптада Ак үйдүн кожоюну Доналд Трамп "Томагавк" канаттуу ракеталарын Украинага берүү боюнча чечимди кабыл алгандыгын жана Киев аны кантип пайдаланарын билүүгө кызыкдар экендигин айткан эле.
Кара-Балта шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мэри Мирлан Жекшенов кызматынан алынып, ордуна Салмурбек уулу Азат дайындалды. Мындай тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, Жекшенов быйыл 30-июнда кармалып, калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн бир миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышын тиешелүү органдар иликтеп баштаган. Кечирээк УКМК Кара-Балта мэриясынын үч кызматкерин мамлекетке 26 миллион сомдук зыян алып келди деген шек менен кармаганын билдирген. Глобалдык чакырыктарды жеңүү үчүн ЕАЭБ бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 13-октябрда Москвада өткөн "Евразиялык логистика күнү" эл аралык форумунда билдирди. Ал белгилегендей, биримдик товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, транспорт системасынын натыйжалуулугун жана байланышын жогорулатуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү сыяктуу тармактарга багытталган. Мунун баары эл аралык координациялоо, инфраструктуралык долбоорлор, тоскоолдуктарды жоюу жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу ишке ашат. "Электрондук коштомо кагаздарды, навигациялык пломбаларды киргизүү жана Интеллектуалдык транспорттук системалар концепциясын ишке ашыруу аркылуу транспортту санариптештирүү эл аралык логистиканын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы сооданын өсүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди Кожошев.ЕАЭБ глобалдык демилгелер, анын ичинде "Бир алкак — бир жол", "Түндүк деңиз жолу", "Транскаспий жолу" долбоорлору менен өз ара кызматташуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Балтикадан Каспий деңизи аркылуу Инд океанына чейинки Түндүк — Түштүк коридору тездик менен өнүгүп, Астрахань жана Актау портторун, жаңы темир жолдорду модернизациялоо жүк ташууну илгерилетүүгө азыртадан эле оң таасирин тийгизүүдө.АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарынан элүүнү гана бере алат. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды."Вашингтон Киевге 20дан 50гө чейин гана "Томагавк" канаттуу ракеталарын бермекчи, анткен менен алар согуштун жүрүшүнө таасирин олуттуу тийгизе деле албайт", — деп айтылган анда.Пентагондун мурдагы кызматкери Марк Канчиан Кошмо Штаттардын мындай 4150 ракетасы бар экендигин билдирген. Анткен менен Вашингтон Киевге бир нечесин гана бере ала турганы маалым болду. Эксперттердин айтымында, 2022-жылы сатып алынган 200 ракетанын 120сы колдонулган. Келерки жылдын бюджетине алардын 57син алууга гана каражат бөлүү пландалган.Ал арада америкалык Oshkosh Defense компаниясы "Томагавк" үчүн жасалган, ташып жүрө ала турган дүрмөттөөчү түзүмдөрдүн ар кыл түрлөрүн көрсөттү. АКШнын армиясы ассоциациясынын 13-15-октябрда болчу көргөзмөсүндө Oshkosh Defense аталган ракеталардын өндүрүшкө даяр турган көчмө үч вариантын көрсөтө турганы айтылды.Эске салсак, өткөн аптада Ак үйдүн кожоюну Доналд Трамп "Томагавк" канаттуу ракеталарын Украинага берүү боюнча чечимди кабыл алгандыгын жана Киев аны кантип пайдаланарын билүүгө кызыкдар экендигин айткан эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097146355_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f2564d345b342a99d68f2242fa3d4770.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио