00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде тамак-аш коопсуздугу кандай сакталууда?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ошто кытайлык дарыгерлер көзү ооругандарга акысыз операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош облусуна "Экспресс ден соолук - жаркын саякат" долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын көз дарыгерлери келишти. Кытайдан келген дарыгерлерди Ош аэропортунан оорукананын жетекчилиги, көз оорулар бөлүмүнүн дарыгерлери тосуп алышкан. . Алар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында көздүн катаракта, глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды жасашат. 11-октябрдан 23-октябрга чейин 300гө жакын акысыз операцияларды жасоо пландалган.
Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн топурактын сапаты изилденүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары айыл чарба тармагында топурактын сапатын аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Анда топурактын лабораториялык анализи аркылуу анын курамындагы азык заттардын деңгээли жана органикалык заттардын көлөмү аныкталат. Бул маалыматтардын негизинде дыйкандар талаага кайсы жана кандай көлөмдөгү жер семирткичтерди колдонуу зарылдыгын так аныктап, түшүмдүн сапатын жана көлөмүн жогорулата алышат. Министрлик топурак үлгүлөрүн лабораториялык анализге тапшыруу үчүн дыйкандарды аймактардагы борборлорго кайрылууга чакырды.
2026-жылы Кыргыз Премьер-лигадагы командалардын саны көбөйөт Кыргыз футбол союзу 10-октябрда бир катар чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык, жогорку лигада акыркы орун ээлеген командалар кийинки лигага төмөндөбөй, ал эми Улуттук лиганын чемпиону түз көтөрүлбөйт. Буга экинчи лигада чемпион болгон командалар көбүнчө лицензиялык талаптарга жооп бербегени себеп болгон. Мындан улам Премьер-лигага тек гана лицензиялык шарттарды аткарган командалар алынат. Мындан тышкары, премьер-лигага алууда өкүлчүлүгү жок болгон Нарын, Баткен же Таластан чыккан командага артыкчылык берилет.
Вашингтон соода-экономикалык талаштарды жөнгө салбагандыктан, Пекин жооп кайтарууга аргасыз болду. Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Кытай АКШны соода-экономикалык пикир келишпестиктерди жөнгө салууга жана туруктуу өнүгүүнү колдоого чакырды. Антпесе Пекин кызыкчылыктарын коргоого мажбур болот. Белгилей кетсек, АКШ Кытайга караштуу кемелерге порттук төлөмдөрдү киргизген. Кытай буга жооп иретинде 14-октябрдан тарта АКШ кемелерине атайын порттук жыйым белгилемекчи. Кытай тарап мындай аракеттер Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жана Кытай — АКШ деңиз келишимине каршы келерин белгиледи. Пекин буга чейин Вашингтондун чечимине нааразычылык билдирип, маселени диалог аркылуу чечүүнү сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0