Кан төгүлбөсүн дедим. Садыр Жапаров Октябрь окуяларын эскерди
11:27 08.10.2025 (Жаңыртылды: 11:34 08.10.2025)
Жазылуу
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 2023-жылы Дубайда Кыргызстандын мурдагы президенттерин чогултуп, акыйнек айтышпай, тынчышын айттым. Ошондон кийин гана тарапташтары да тынчып, дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык. Бул туурасында Садыр Жапаров Октябрь окуяларынын беш жылдыгына карата "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
Белгилей кетсек, сөз болуп жаткан багытта 2023-жылдын 18-февраль күнү Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогулткан. Бириккен Араб Эмирликтерине Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков учуп келген эле.
Төмөндө мамлекет башчынын Октябрь окуялары тууралууу айткандарынын ток этер жерлерин беребиз:
камактан 6-октябрь таң эрте чыгып, кечинде премьер-министр болдум. Үчүнчү сутка уктабай жүрсөм дагы дароо телеге барып, элге "шаарды талкалабагыла" деп кайрылуу кылдым;
Октябрь окуялары элдин акыркы үмүтү болчу. Акыркы жолу ушуга (Садыр Жапаровго - ред.) бир ишенип көрөлүчү деп калышкан. Эгер мен дагы элдин ишеничин актабаганда, анда Кыргызстан бара-бара жок болмок;
Сооронбай Жээнбеков жана башка 300дөй аткаминердин тизмесин алып "буларды аянтка алып келип жазалайбыз" деген жоон топту андай кылбоого ынандырып, макул кылгам. "Кама, кустур, люстрация кыл" дегендин баарына макул болуп, "кан төгүлбөсүн, эгер кан төгө турган болсоңор, мен лидерликтен баш тартам" дегем. 8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен резиденциядан жолуктук. 5-6 күндүк оор сүйлөшүүдөн кийин отставкага кетти;
ошол учурда "кадровый голод" болгондуктан иштейм деп жулунгандардын баарына мүмкүнчүлүк түзүп, кызмат бердим. Жаштарды да алып келип көрдүм. Тажрыйба болбосо, болбойт экен. Кыскасы, менин өткөн беш жылымдын жарымы ызы-чуу, шайлоо, референдум менен аяктады;
акыркы беш жылда эч бир өлкөдөн грант сураган жокпуз. Алынып жаткан кредиттер бар. Бирок ар бир кредит коммерциялык долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. 2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтөбүз;
Толкундоо кайра кайталанбаш үчүн эскилердин катасын биз жасабашыбыз керек. Кандай гана шайлоо болбосун, таза өтүп турушу зарыл.

