https://sputnik.kg/20251007/rossiya-afganstanga-askerdik-infrastruktura-zhaygashtyruuga-karshy-1096994728.html
Россия Афганстанга аскердик инфраструктура жайгаштырууга каршы
Россия Афганстанга аскердик инфраструктура жайгаштырууга каршы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Афганстанга үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу — таптакыр жол берилгис нерсе. Бул тууралуу Россия ТИМинин... 07.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-07T15:48+0600
2025-10-07T15:48+0600
2025-10-07T15:58+0600
дүйнөдө
афганистан
россия
акш
аскер
күч
инфраструктура
сергей лавров
консультация
https://sputnik.kg/img/07e8/08/11/1087945001_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_9f851da3f6f0e3d20f26b22613886fc7.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Афганстанга үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу — таптакыр жол берилгис нерсе. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Министр Афганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын VII жыйынынын башталышында сүйлөгөн. Ал эми Афганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Лавров менен сүйлөшүүсүндө Кабул америкалыктардын кайтып келишине жол бербей турганын белгиледи.Эскерте кетсек, 2017-жылы Россия, Афганстан, Кытай, Пакистан, Иран жана Индия консультациялардын Москва форматын түзүп, ага Борбор Азия мамлекеттерин кошууну макулдашкан. Биринчи жыйын ошол эле жылы апрель айында өткөн. Негизги максат Афганстандагы улуттук элдешүү жана тынчтык орнотуу процессин алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү деп белгиленген болчу. Быйыл иш-чара атайын өкүлдөрдүн, Россия, Афганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде уюштурулду. Лавровдун айтымында, ири державалардын күч структураларынын жайгашуусу өлкө аймагында жаңы кагылышууларды шартташы мүмкүн. "Афганстандын чет элдик аскерлердин жайгашуусунан ар кандай кырдаалга туш болгон учуру көп. Тиешелүү чечимдер чыгышы керек эле", — деди РФ министри. Сентябрда WSJ гезити АКШ "Талибан"* менен "контртеррордук операциялар үчүн плацдарм" катары "Баграм" базасына америкалыктардын кайтуусун талкуулап жатканын жазган эле. Дональд Трамп да аскердик объектини АКШнын көзөмөлүнө кайтаруу талабы менен чыгып, "кесепети оор" болорун айтып опузалаган. Белгилей кетсек, 2021-жылы талибдер Афганстандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барышкан. Эртеси согуш соңуна чыкканын жар салышкан. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан учуп кетип, ушуну менен АКШнын 20 жылга созулган көзөмөлүнө чекит коюлган. * Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл
https://sputnik.kg/20250829/shoygu-afganstan-shku-tobun-tuzuunu-sunushtady-1096173847.html
афганистан
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/11/1087945001_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_1047d694f6fa96601acaa292c7baea17.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, афганистан, россия, акш, аскер, күч, инфраструктура, сергей лавров, консультация
дүйнөдө, афганистан, россия, акш, аскер, күч, инфраструктура, сергей лавров, консультация
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Афганстанга үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу — таптакыр жол берилгис нерсе. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин
РИА Новости жазды.
Министр Афганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын VII жыйынынын башталышында сүйлөгөн.
"Афганстандын аймагына жана чектеш мамлекеттерде кандай гана жүйө келтирилбесин, үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу таптакыр жол берилгис нерсе экенин тастыктайбыз", — деди Лавров.
Ал эми Афганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Лавров менен сүйлөшүүсүндө Кабул америкалыктардын кайтып келишине жол бербей турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 2017-жылы Россия, Афганстан, Кытай, Пакистан, Иран жана Индия консультациялардын Москва форматын түзүп, ага Борбор Азия мамлекеттерин кошууну макулдашкан. Биринчи жыйын ошол эле жылы апрель айында өткөн. Негизги максат Афганстандагы улуттук элдешүү жана тынчтык орнотуу процессин алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү деп белгиленген болчу. Быйыл иш-чара атайын өкүлдөрдүн, Россия, Афганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде уюштурулду.
Лавровдун айтымында, ири державалардын күч структураларынын жайгашуусу өлкө аймагында жаңы кагылышууларды шартташы мүмкүн.
"Афганстандын чет элдик аскерлердин жайгашуусунан ар кандай кырдаалга туш болгон учуру көп. Тиешелүү чечимдер чыгышы керек эле", — деди РФ министри.
Сентябрда WSJ гезити АКШ "Талибан"* менен "контртеррордук операциялар үчүн плацдарм" катары "Баграм" базасына америкалыктардын кайтуусун талкуулап жатканын жазган эле. Дональд Трамп да аскердик объектини АКШнын көзөмөлүнө кайтаруу талабы менен чыгып, "кесепети оор" болорун
айтып опузалаган.
Белгилей кетсек, 2021-жылы талибдер Афганстандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барышкан. Эртеси согуш соңуна чыкканын жар салышкан. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан учуп кетип, ушуну менен АКШнын 20 жылга созулган көзөмөлүнө чекит коюлган.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл