https://sputnik.kg/20250926/1096768363.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча... 26.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-26T11:00+0600
2025-09-26T11:00+0600
2025-09-26T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096768197_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2fd1f4ebb11026dbc3d3eda85d0c640e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, "Кызмат" ишканасына мындай милдеттер жүктөлдү: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө керектүү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу; шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүп, бирдиктүү каттоо системасына жүктөө; шайлоочулар боюнча маалыматтарды Калктын мамлекеттик жарандык реестрине таянып убагында жаңыртып туруу; шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууларды даярдоо жана кийинчерээк БШКга өткөрүп берүү. Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом кабыл алып, алдын ала маалымат боюнча, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөрү айтылды.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Токмок шаарына барып келгенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Дипломат калаа мэри Алтынбек Эргешов менен жолуккан. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлор талкууланганы айтылды.Андан кийин делегация Central Asia Hub индустриялык паркынын курулушу үчүн мэрия бөлүп берген жер тилкесин көрүп чыкты.
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттерди жыл сайын, жарым жыл сайын же белгилүү бир модулдан кийин аттестациядан өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында окуу жайды атайын комиссия текшерген. "Жыйынтыгында окуу жайдын администрациясы тарабынан сегиз мугалимге тартиптик жаза берилип, университеттин Маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, жогорку билим тууралуу төрт диплом жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. Себеби студенттерден сессия, модуль жана жылдык сынактарды алууда тартип бузулган. Атайын кызмат коррупцияга аралашкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
РФ президенти Владимир Путин Москвадагы ВДНХда өтүп жаткан Глобалдуу өзөктүк форумда сүйлөп, жаңы технологиялар жана өзөктүк тармактын келечеги тууралуу айтканын РИА Новости жазды.Өлкө башчысы Россия жакын арада суудагы АЭСтерди кура баштаарын, ал эми 2030-жылы дүйнөдөгү биринчи өзөктүк энергосистеманы ишке киргизерин белгиледи. “Россиялык дизайн менен курулган атом станциялары коопсуз, тышкы таасирге туруштук бере алгандыгынан улам дүйнөдө ага суроо-талап күч болот”, — деди Путин. Ошондой эле ал Россия өзөктүк технологиялар боюнча өнөктөштөрүнүн алдындагы милдетин толугу менен аткарууда, узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана Москва бул багыттагы өнөктөштөрүнө өнүгүүгө жардам берип, технологиялык колониализмди жектей турганын айтты.
Президентин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси шайлоолорго техникалык оператор болуп аныкталды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, "Кызмат" ишканасына мындай милдеттер жүктөлдү: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө керектүү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу; шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүп, бирдиктүү каттоо системасына жүктөө; шайлоочулар боюнча маалыматтарды Калктын мамлекеттик жарандык реестрине таянып убагында жаңыртып туруу; шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууларды даярдоо жана кийинчерээк БШКга өткөрүп берүү. Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом кабыл алып, алдын ала маалымат боюнча, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөрү айтылды.Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Токмок шаарына барып келгенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Дипломат калаа мэри Алтынбек Эргешов менен жолуккан. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлор талкууланганы айтылды.Андан кийин делегация Central Asia Hub индустриялык паркынын курулушу үчүн мэрия бөлүп берген жер тилкесин көрүп чыкты. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттерди жыл сайын, жарым жыл сайын же белгилүү бир модулдан кийин аттестациядан өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында окуу жайды атайын комиссия текшерген. "Жыйынтыгында окуу жайдын администрациясы тарабынан сегиз мугалимге тартиптик жаза берилип, университеттин Маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, жогорку билим тууралуу төрт диплом жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. Себеби студенттерден сессия, модуль жана жылдык сынактарды алууда тартип бузулган. Атайын кызмат коррупцияга аралашкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан жоопкерчиликке тартыларын эскертти.РФ президенти Владимир Путин Москвадагы ВДНХда өтүп жаткан Глобалдуу өзөктүк форумда сүйлөп, жаңы технологиялар жана өзөктүк тармактын келечеги тууралуу айтканын РИА Новости жазды.Өлкө башчысы Россия жакын арада суудагы АЭСтерди кура баштаарын, ал эми 2030-жылы дүйнөдөгү биринчи өзөктүк энергосистеманы ишке киргизерин белгиледи. “Россиялык дизайн менен курулган атом станциялары коопсуз, тышкы таасирге туруштук бере алгандыгынан улам дүйнөдө ага суроо-талап күч болот”, — деди Путин. Ошондой эле ал Россия өзөктүк технологиялар боюнча өнөктөштөрүнүн алдындагы милдетин толугу менен аткарууда, узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана Москва бул багыттагы өнөктөштөрүнө өнүгүүгө жардам берип, технологиялык колониализмди жектей турганын айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096768197_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c673b4a6568ab1238c983aa740813b1d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио