00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Талас Эгемендүүлүк күнүн өткөрүүгө даярдыкты баштады. Облус башчысы менен маек

© Фото / Полпредство президента в Таласской областиТалас шаарында заманбап аллея куруу долбоору
Талас шаарында заманбап аллея куруу долбоору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2025
Жазылуу
2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө багытталган. Мунун алкагында Талас облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, ал бир катар инфратүзүмдүк долбоорлорду камтыйт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев болуп, аймактын туристтик потенциалы, инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маек курду.
— Өткөн жылы Талас облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Кантип ишке ашырып жатасыздар?
— 2024-жылдын 22-майында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарынын өнүгүү программасы иштелип чыгып, колдоо тапкан. Долбоордун алкагында 1 миллиард 50 миллион сом шаардын өнүгүүсүнө бөлүнүп, ал документ тогуз пунктуну камтыган. Анда шаардын борбордук көчөлөрүн оңдоо, элди таза суу менен камсыз кылуу, жөө адамдар үчүн 14 көчөдөгү 54 чакырымды түзгөн тротуарга асфальт басуу, заводдордун ачылышы, жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн заманбап парк куруу сыяктуу бир топ иштер каралган. Жалпы жонунан инфратүзүмдүк объектилерди ишке берүү милдети коюлган.
© Sputnik / Асылбек БактыбековТалас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев
Мэр Таласа Эрмат Жумаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2025
Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев
Ошондой эле былтыр февралда президенттин тапшырмасы менен Талас облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Өнүктүрүү долбооруна ылайык, облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Бул максаттарга экинчи фазанын алкагында 3 миллиард 165 миллион сом каралган. Андан соң 1 миллиард сом бөлүнүп, жалпы облусту өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашык акча берилди. Бул долбоорлор 2026-жылда толук ишке ашырылат.
— Талас облусунун туризм багытындагы потенциалы чоң. Туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, таанытуу жаатында кандай иштер жасалып жатат?
— Облустагы туримзди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бир катар ири долбоорлор камтылган. Алсак, экотуризмди жандантуу максатында "Мураска айланган жол – ата-бабалардын изи" деген жөө жүрүш жасадык. Аймакта 7-8 туристтик локацияны тандап, аны таанытуу, өнүктүрүү жагын карап, "Тарых Таластан башталат" деген ураан менен баштаганбыз. Мындай иштер өзүбүзгө жана чет элдик меймандарга да абдан кызыктуу. Таластын тарыхын, кооз табиятын, уникалдуулугун даңазалоо багытында иш тынымсыз жүрүп жатат.
Ааламды калеми менен багындырган Чыңгыз Айтматовду бүткүл дүйнө эли тааныйт да. Залкар жазуучунун туулган жери Шекер айылын көз жаздымда калтырууга болбойт. Дүйшөн агайдын мектеби, Ысмайыл жашынган үңкүр, калемгердин чыгармаларындагы каармандарын чагылдырган "Чыңгыз ааламы" аттуу комплекс куралы деп турабыз. Ал жерде китепканалар, эс алуу жайлары жайгашат. Бул туристтерди тартуу үчүн да абдан сонун локация болот. Долбоорду ишке ашырууга 200 миллион сомдой акча бөлүндү. Эң негизги долбоорлордун бирине токтоло кетсем, Кыргызстанда аналогу жок аллея салынып жатат. Ал жерде автоунаа жүрбөйт.
© Фото / Полпредство президента в Таласской области

Талас шаарында заманбап аллея куруу долбоору

Талас шаарында заманбап аллея куруу долбоору - Sputnik Кыргызстан
1/3

Талас шаарында заманбап аллея куруу долбоору

© Фото / Полпредство президента в Таласской области

Шаардын ичи жарыктандырылып, көзөмөл камералары коюлуп жатат.

Шаардын ичи жарыктандырылып, көзөмөл камералары коюлуп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Шаардын ичи жарыктандырылып, көзөмөл камералары коюлуп жатат.

© Фото / Полпредство президента в Таласской области

Талас облусун өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашык акча бөлүндү

Талас облусун өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашык акча бөлүндү - Sputnik Кыргызстан
3/3

Талас облусун өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашык акча бөлүндү

1/3

Талас шаарында заманбап аллея куруу долбоору

2/3

Шаардын ичи жарыктандырылып, көзөмөл камералары коюлуп жатат.

3/3

Талас облусун өнүктүрүүгө 5 миллиард сомдон ашык акча бөлүндү

Талас облусунда Беш-Таш жаратылыш паркы бар. Ал жерге "Беш-Таш" эс алуу борборун куруу пландалууда. Ага жалпысынан 500 миллион сомдун тегерегинде акча жумшалып жатат.
Таластагы бардык туристтик инфратүзүм долбоорлору Кыргыз улуттук "Манас ордо" комплексин реконструкциялоодон кийин башталууда. Биз муну ырым кылып, уюткулуу иш деп кабыл алып отурабыз. Жалпысынан бул комплексти жакшыртууга 900 миллион сомдой каражат жумшалып жатат. Долбоор боюнча заманбап конгресс-холл, 12D форматында атайын музей болот. Манас атабыздын төрөлүшүнөн баштап атайын визуалдык эффектилерди камтыган программа киргизилет. Эпостогу маанилүү учурлардын баары камтылып, көрүүчүлөргө өзгөчө эмоция тартуулайт. Бул иштер "Манас ордо" комплексин Борбор Азиядагы ири маданий жана технологиялык борборго айлантуу максатын көздөйт.
Мындан тышкары, Талас шаарында "Баластан" шаарчасын куруп баштадык. Ага 900 миллион сомдун тегерегинде акча сарпталат. Жети гектар аянтты камтып, Дислейленд сыяктуу аттракциондор, музейлер, балдар үчүн кызыктуу жайлар курулат.
Мунун баары 2026-жылы август айына Эгемендүүлүк күнүнө карата даяр болот. Кийинки жылы өлкөнүн көз карандысыздык күнү Таласта өтөрү да белгилүү болду. Демек, биз бардык даярдыкты жогорку деңгээлде жасайбыз.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2025
Радио
Джумаев: Таласта өлкөдө жок аллея салынууда, облусту өнүктүрүүгө 5 млрд. сом бөлүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0