https://sputnik.kg/20250911/netanyakhu-tutkundardyn-boshonup-kaluu-tilegine-suu-septi-1096441943.html
Катардын премьери: Нетаньяху израилдик туткундардын бошонуу үмүтүнө суу септи
Катардын премьери: Нетаньяху израилдик туткундардын бошонуу үмүтүнө суу септи
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Дохага чабуул коюуну колдоп, туткундагы израилдиктердин бошонуу боюнча үмүткө суу септи... 11.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-11T10:22+0600
2025-09-11T10:22+0600
2025-09-11T10:22+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
израиль
катар
доха
чабуул
айыптоо
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0b/1096440117_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_21f26dfd37951b51d8ead1bc2c41097a.jpg
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Дохага чабуул коюуну колдоп, туткундагы израилдиктердин бошонуу боюнча үмүткө суу септи. Мындай билдирүүнү Катардын премьер-миинстри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани жасаганын РИА Новости жазды. Кырдаал кантип курчуду Израилдин коргонуу армиясы 9-сентябрда "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталгандыгын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган. Окуяга күбө болгондор РИА Новостиге Дохада катуу жарылуулар болгонун айтып берген. Israel Hayom басылмасы АКШ менен Катарды аталган лидерлерге сокку уруунун алдында кабардар кылганын жазды. Нетаньяхунун кеңсеси бул кадам боюнча чечимди Тель-Авив өзү кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти да өз мойнуна аларын билдирди. Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты. РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунан алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажыраганын билдирген. Араб мамлекеттеринин арбыны Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жатканын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды. Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды. Россия ТИМинен Москва бул чабуул эл аралык эрежелерди бузуу болуп эсептелерин айтып, тараптарды абалды курчутуп жибербей кепке келүүгө чакырган. Ал эми Кыргызстан ТИМи Бишкек бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле өлкөдөгү Катар жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуздугу менен өмүрүнө олуттуу коркунуч деп атады. Президент Садыр Жапаров Доха шаарында болгон ракеталык чабуулду айыптай турганын анын маалымат кызматы кабарлады.
https://sputnik.kg/20250910/tramp-katardyn-izrailge-chabuul-zhasashyna-ichi-chykpay-turganyn-aytty-1096420430.html
жакынкы чыгыш
израиль
катар
доха
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0b/1096440117_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_9f71ed3d744c0f6ee244239d628ae454.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, израиль, катар, доха, чабуул, айыптоо
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, израиль, катар, доха, чабуул, айыптоо
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Дохага чабуул коюуну колдоп, туткундагы израилдиктердин бошонуу боюнча үмүткө суу септи. Мындай билдирүүнү Катардын премьер-миинстри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани жасаганын
РИА Новости жазды.
"Нетаньяху кечээки жасагандары менен барымтадагылардын болгон-бүткөн үмүтүн өчүрдү", — деген өкмөт башчы CNN телеканалына берген интервьюсунда.
Израилдин коргонуу армиясы 9-сентябрда "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталгандыгын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган.
Окуяга күбө болгондор РИА Новостиге Дохада катуу жарылуулар болгонун айтып берген. Israel Hayom басылмасы АКШ менен Катарды аталган лидерлерге сокку уруунун алдында кабардар кылганын жазды. Нетаньяхунун кеңсеси бул кадам боюнча чечимди Тель-Авив өзү кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти да өз мойнуна аларын билдирди.
Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунан алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажыраганын билдирген.
Араб мамлекеттеринин арбыны Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жатканын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды.
Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды.
Россия ТИМинен Москва бул чабуул эл аралык эрежелерди
бузуу болуп эсептелерин айтып, тараптарды абалды курчутуп жибербей кепке келүүгө чакырган.
Ал эми Кыргызстан ТИМи Бишкек бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле өлкөдөгү Катар жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуздугу менен өмүрүнө олуттуу коркунуч деп атады. Президент Садыр Жапаров Доха шаарында болгон
ракеталык чабуулду айыптай турганын анын маалымат кызматы кабарлады.