Путин Кытайга жасаган сапарынын жыйынтыгын чыгарды. Урунттуу жерлери
22:42 03.09.2025 (Жаңыртылды: 09:49 04.09.2025)

© Sputnik / Владимир Смирнов
/ Жазылуу
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ШКУ саммити оң жыйынтыктарды берди деп баалады.
Биз Россия лидеринин Кытайга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында айткандарынын урунттуу учурларын топтодук.
Геосаясат тууралуу
Путин Си Цзиньпиндин глобалдык башкарууга чакан жана өтө күчтүү эместигине карабастан бардык өлкөлөрдүн катышуусун камсыздоо тууралуу айтканын өз учурунда көтөрүлгөн демилге деп сыпаттады;
көп уюлдуу дүйнө түзүлдү, бирок бул жаңы "үстөмдүк кылуучулар" пайда болушу керек дегенди билдирбейт, бардык мамлекеттер бирдей укукта болушу керек;
ШКУ өлкөлөрү кантип кимдир бирөөнү "жеңип алсам" деп ойлонбойт, алар өз иштерин мыкты алып кетүүгө аракеттенет. Саммит оң жыйынтыктарды берди;
Кытайда чогулган өлкөлөрдүн биримдиги максаттарга жетүүгө ишенимди жана жакшы маанайды айкын көрсөтүп турат. Сапар маалында кабыл алынган документтер келечекке багытталган;
дүйнөлүк соодадагы теңсиздиктерди сүйлөшүү жолу менен чечиш керек. Россия бул жаатта өнөктөш өлкөлөр менен иш алып барууда;
Евроаймактагы алдыңкы экономикаларда рецессия байкалууда, ал эми дүйнөлүк, өзгөчө Азия-Тынч океан аймактарында экономика өсүүдө;
Кытай дүйнөлүк экономиканын локомотиви бойдон калат, бирок анда энергетикалык ресурстарды керектөөнүн көлөмү өсүүдө, Россиядан газ жеткирүү бул маселени чече алат;
Трамп менен Россияда болуучу жолугушууга даярдыктар көрүлгөн жок, мөөнөтү да белгисиз, бирок АКШ президентин Москвага чакыруу күчүндө турат.
Украина тууралуу
Россиянын Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү аракеттеринин баарын жолдон буруп, ишке ашырышкан жок. Украинадагы трагедияларга Россиянын коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарын такыр эске албагандар күнөөлүү;
эгер Зеленский даяр болсо Москвага келсин, жолугушуу болот;
Владимир Зеленский менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн эч качан четке какпайм. Бирок мунун мааниси бар-жогу өзүнчө маселе. Анткени Украинанын Конституциясына ылайык, Зеленскийдин ыйгарым укуктарын узартуунун эч кандай жолу каралган эмес, ал эми аскердик абал алардын автоматтык түрдө узартылышын билдирбейт;
Россия Украинага аймактарын алмаштыруу менен коопсуздук кепилдиктери берилет деген маселени эч качан койгон эмес;
Россиянын курамында жашайбыз деп чечкен элдин пикирин сыйлаш керек, демократия деген ошол;
Киев өзүнүн коопсуздугун Россиянын коопсуздугунун эсебинен камсыздай албайт, эгер Украина жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, Москвага алдындагы милдеттерин согуш жолу менен чечкенге туура келет;
Украинанын Куралдуу күчтөрү чабуул жасоого же ири масштабдагы аскердик операцияларды жүргүзүүгө жөндөмсүз.
