00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бугун, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышы болот. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Улуттук банк ушул жылдын 1-сентябрынан тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы билдирди. Маалыматта аталган коллекциялык тыйын азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таанытуу максатында чыгарылганы айтылат. Алардын маданиятты, билимди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган талыкпаган эмгеги, көз карандысыз өлкө куруудагы күрөшү эгемен Кыргызстанды түзүүгө баа жеткис салым кошкону белгиленген."Тыйындын алдыңкы бетинде мамлекеттик тууну тегерете Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин портреттери түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта. 10 сом номиналындагы коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Аны Улуттук банктын кассаларынан же нумизматикалык баалуулуктарды саткан веб-сайтынан 10 540 сомдон сатып алса болот.
2025-жылдын жети айында республика боюнча жалпысынан 22 млрд сомго жол иштери аткарылды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 600 кмден ашык жолго асфальт төшөлдү. «Жылдын аягына чейин 1000 кмден ашык жолго асфальт төшөөнү пландап жатабыз. Азыркы учурда иштердин 60%дан ашыгы аткарылды жана жыл аягына чейин план толук ишке ашырылат», - деп белгиледи министр.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандардын жашоосун жеңилдеткен санариптик кызматтарды сунуштады. Ведомствонун маалыматы боюнча, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна 350 катышуучу — мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар интеграцияланган. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миллиарддан ашык маалымат алмашуу ишке ашкан. Ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 179 кызмат ишке ашырылып, жарандар 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0