00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз жоокери Жумаш Асаналиев да курман болгон. 81 жыл мурдагы "Багратион"

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушта, 1944-жылы дал ушул күнү СССР нацисттик Германияга каршы эң ийгиликтүү операцияны соңуна чыгарган. Анын жыйынтыгы менен Беларусь толук, ал эми Литва менен Польшанын бөлүгү немецтик баскынчылардын арылган.
Операциянын фашизмди жеңүүдө мааниси зор болгон. Германияда "Багратионду" азыркыга чейин өлкөнүн тарыхындагы эң оор жана көп чыгым тарттырган утулуу деп эсептеп келишет.
"Багратиондун" ийгилигин Советтер Союзундагы ар улуттагы, ар кыл республикалардан келген миңдеген жөнөкөй жоокерлер жараткан. Алар кадам артынан кадамын эрдик, кайратмандык, болуп көрбөгөндөй чыдамдуулук менен таштап, СССР менен Европаны фашизмден бошоткон.
Ошол каарман жоокерлердин бири кыргыз айылдарынын биринде туулуп-өскөн Жумаш Асаналиев эле. 1944-жылы гитлерчилерден Беларусту бошотууда 21 жаштагы кыргызстандык жоокер Витебск облусунун Лабейка айылынын жанындагы салгылашта баатырдык менен курман болгон. Ал Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылынын кулуну болчу. Асаналиевдин сөөгү Витебскинин Узречье кыштагынын жанына коюлган. Бир аз убакыттан кийин өзгөчө эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.
Согуш учурунда пулеметчулардын командири оор жарадар болуп, анын ордуна Асаналиев кирет. От күйгөн жерде Асаналиевдин бөлүгү душмандын мизин улам кайтарып турган. 1944-жылдын 25-июнунда душмандын минасы анын бөлүгүн талкалап, Асаналиев жалгыз согуша баштаган. Чабуул койгон гитлерчилерди өзүнө жакындата кое берип, аларды тике аткылай баштаган. Октору түгөнүп, кармашын граната менен уланткан. Фашисттер таптакыр эле чукул кирип келгенде туткундалганды каалабаган эр жүрөк Жумаш "Гвардия колго түшүп бербейт!" деп кыйкырып, акыркы граната менен өзүн жана айланасындагы гитлерчилерди жардырып жиберген.
Баатыр жоокерлердин катарына сержант Александр Беловду да кошсок болот.
1944-жылы анын бөлүгү Орша шаарынын алдына жеткен. Кезектеги кармаштардын биринде пулемет талкаланат. Жоокер апкаарып калбай, замбиректи түз эле душманды каратып, аларды көздөй тике ата баштайт. Бул беттеште Белов башынан оор жаракат алат.
Операцияны маршал Константин Рокоссовский өзү жетектеген.
"Багратион" гитлерчилер үчүн таптакыр күтүүсүз болду: советтик төрт фронт аларды ар тараптан кысып, айласын куруткан. Кызыл армиячылар биринчи этапта беш, экинчи этапта алты ирет чабуул жасайт. Жыйынтыгында Беларусь гана эмес, Литва жана Польшанын чыгыш жактары да бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0