21 жашында курман болгон. Жумаш Асаналиевге арналган Минскидеги эстелик. Видео

Жазылуу
Бул эгемен Кыргызстандын өз жаранына чет өлкөдө тургузган биринчи эстелиги.
2005-жылы 1-июлда Беларустун борбору Минск шаарында кыргызстандык жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге арналган эстелик ачылган. Бул иш-чара боюнча ошол учурдагы Беларустагы элчи Рысбек Качкеевдин өтүнүчү менен Беларусь телеграф агенттиги "И помнит мир спасенный..." аттуу даректүү тасма тарткан.
Постсоветтик аймактагы мамлекеттер үчүн 9-май кайгы менен кубаныч аралашкан күн. Улуу Ата мекендик согуш учурунда Советтер Союзунун эли миллиондогон уулдары менен кыздарынан ажыраган. Кан майданга Кыргызстандан 300 миңден ашык жоокер аттанган. Жүз миңден ашык кыргызстандык аскер согуштан кайткан эмес.
1944-жылы гитлерчилерден Беларусту бошотууда 21 жаштагы кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиев Витебск облусунун Лабейка айылынын жанындагы салгылашта баатырларча курман болгон. Ал Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылынын кулуну эле. Асаналиевдин сөөгү Витебскинин Узречье кыштагынын жанына коюлган. Бир аз убакыттан кийин өзгөчө эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушул эле аймакта 1944-жылы Жумаштын жакын тууганы Ыбрай Сеитов да баатырларча курман болгону архивден тастыкталды.
1965-жылы Улуу Жеңиштин 20 жылдыгына Минск шаардык аткаруу комитети шаардын жаңы "Курасовщина" конушунун негизги көчөсүнө Асаналиевдин ысымын берген. 2002-жылы Кыргызстандын Беларустагы элчиси Рысбек Качкеев Минскиде Асаналиевге арналган эстелик орнотуу демилгесин көтөрүп, президент Александр Лукашенкого кайрылат. Ал бул сунушту колдойт. Лукашенконун чечими менен эстеликти орнотууга 215 миң доллар бөлүнгөн. 2005-жылы 1-июлда Жумаш Асаналиевдин эстелигинин салтанаттуу ачылышы болот. Бул эгемен Кыргызстандын чет мамлекетте өз жаранына арналган биринчи эстелиги эле.
Тема боюнча:
Кыргыз ССРи Улуу Ата мекендик согушта негизги тыл болгон. Тарыхчылардын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0