00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
41 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Три месяца на реакцию госорганов - изменит ли новая поправка работу института Омбудсмена
08:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Татаал окуу программасы, китептер, э-күндөлүк. “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форумунда мектеп программасынын көйгөйлөрү ачык айтылды
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Банкам Кыргызстана предложили торговать биткоином - объясняет президент Союза банков
10:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук банктын нумизматика музейи, коллекциялык монеталары жана улуттук валютанын тарыхы
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Быйылкы жылдын жети айында Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүп, ЕАЭБде биринчи орунга чыкты. Бул маалыматтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык баракчасына чыгарды. Өкмөт башчынын айтымында, 2025-жылдын жети айында ИДПнын көлөмү 865 миллиард 200 миллион сомду түзүп, 11,5 пайызга көбөйгөн. Ал эми ЕАБге мүчө башка өлкөлөрдүн арасындагы көрсөткүчту алсак: Казакстан – 6,3 пайыз Армения – 6,3 пайыз Беларусь – 2,1 пайыз Россия – 1,2 пайыз.Касымалиев өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалганын белгиледи. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициянын көлөмү жогорулоодо. Жети айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141 миллиард 900 миллион сомду түзүп, 33,4 пайызга көбөйгөн. Көрсөткүч мурдагы жылдардагы деңгээлден ашып кеткен.
Айыл чарба министрлигиндеги коррупциялык иштерден улам Өзбекстанга 40 миңден ашык бодо мал мыйзамсыз экспорттолгон. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Анда министрдин орун басары баштаган кызмат адамдары коррупциялык схема түзүп, мал менен алектенбеген тааныштарына квота берүүнү уюштурушканы айтылат. Бул адамдардын малы барын тастыктаган актылар министрликтин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен райондук ветеринардык башкармалыктардын адистери тарабынан бурмаланып жасалып келгени ачыкталган. Натыйжада аткаминерлердин тааныштары мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана мал экспорттоо менен алектенген жеке жактарга ар бир бодо мал үчүн 300 доллардан, майда жандык үчүн 5 миң сомдон сатышкан. "Министрдин орун басары, бөлүм башчы, Ветеринардык кызматтын директору жана бөлүм башчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында мал чарбачылыгы менен алектенбеген тааныштарына квота берген коррупциялык схема түзүшкөн", — деп айтылат маалыматта. Анын кесепетинен 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгону белгиленди. Иш боюнча министрликтин кызматкерлери, ортомчу ишкерлер кармалып, тергөө уланып жатканы айтылды.
Адам өлтүрүүгө айыпталып, укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган кыргызстандык жаран Литвадан кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Анда криминалдык чөйрөдө Детина деген каймана аты менен белгилүү болгон 46 жаштагы жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен колго түшкөнү айтылат. Бул боюнча министрлик кайрылуу жибергени, шектүү буга чейин башка бирөөнүн атындагы жасалма документти колдонуп келгени белгиленген."2007-жылы унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, качып кеткен. Алматы шаарында дагы адам өлтүрүүгө шектелип, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ага Интерпол аркылуу да эл аралык издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта. ИИМдин билдиришинче, шектуу буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Шектүүнү өлкөгө алып келүү маселеси каралууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0