https://sputnik.kg/20250811/1095815459.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ташиев соттордун эң аз маянасы 300 миң сом болгонун жарыялап, адилеттүү иштөөгө чакырды"Түндүктө" бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке... 11.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-11T19:00+0600
2025-08-11T19:00+0600
2025-08-11T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0b/1095815327_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8a04b2d9cb85b0650d29de804ff670d2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ташиев соттордун эң аз маянасы 300 миң сом болгонун жарыялап, адилеттүү иштөөгө чакырды"Түндүктө" бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилетПрезидент көп аял алгандарга жаза жоопкерчилигин жойгон мыйзамды артка кайтардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, эки же андан көп аял алуу үчүн жоопкерчиликке тарткан Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүн жоготмок. Бирок президент көп аялдуулукту кылмыш катары кароо мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине туура келерин айтып, каршы пикир билдирген. "Мамлекет гендердик теңчилик жана укук үстөмдүгүн жактайт, аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, үй-бүлө институтун бекемдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Аталган мыйзамды быйыл 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Аны депутаттар Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев демилгелеген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ош шаарына болгон жумушчу сапарында мамлекеттик органдарга кайрылды. Анда ал мамлекеттик органдарга жөнөкөй райондук соттордун айлык акысы 300 миң сом болгонун белгилеп, элдин ыраазычылыгы үчүн иштеп берүүнү суранды. " Мына азыр жөнөкөй райондордун сотторунун эң аз деген айлыгы 300 миң сом болду. Облустуку андан дагы көбүрөөк. Жогорку соттун судьяларыныкы андан дагы көбүрөөк. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Ошол соттор коррупциялык элементтерге берилбесин, элдин турмушун, алардын чече турган жумушун акыйкат чечип берсин, президент ошого умтулуп жатат",-деди ал.
"Түндүк" тиркемесинде бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилет. Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин бөйрөктүн өнөкөт ооруларын аныктоо, дарылоонун системасын жакшыртуу боюнча программа даярдаган. Анда бөйрөк оорулары күчөп жатканы, маселен, 2022-жылы 2 миңден ашык адам гемодиализ алса, 2024-жылы алардын саны 3,6 миңге жеткени айтылган. Жыл сайын 10-15 пайыз өсүш байкалып, 80 пайызы оорунун акыркы стадияларында кайрылышары белгиленген. "Профилактика жана ооруну эрте аныктоо начар болгондуктан гемодиализге жана бөйрөк алмаштырууга муктаждык өсүп жатат. Бул абдан кымбат процедуралар. Мисалы, 2024-жылы гемодиализге эле 1 миллиард 345 миллион сом бөлүнгөн. Эгер алдын алуу чаралары көрүлбөсө 2030-жылы гемодиализге муктаждардын саны 9 миңге жетип, чыгым 4 миллиард сомдон ашышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. Муну токтотуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү сунушталган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 77 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 12-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 12-август, шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +34...+39, Баткенде +33...+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +27...+32, Нарын чөлкөмүндө +26...+31 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Ташиев соттордун эң аз маянасы 300 миң сом болгонун жарыялап, адилеттүү иштөөгө чакырды"Түндүктө" бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилетПрезидент көп аял алгандарга жаза жоопкерчилигин жойгон мыйзамды артка кайтардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, эки же андан көп аял алуу үчүн жоопкерчиликке тарткан Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүн жоготмок. Бирок президент көп аялдуулукту кылмыш катары кароо мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине туура келерин айтып, каршы пикир билдирген. "Мамлекет гендердик теңчилик жана укук үстөмдүгүн жактайт, аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, үй-бүлө институтун бекемдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Аталган мыйзамды быйыл 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Аны депутаттар Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев демилгелеген.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ош шаарына болгон жумушчу сапарында мамлекеттик органдарга кайрылды. Анда ал мамлекеттик органдарга жөнөкөй райондук соттордун айлык акысы 300 миң сом болгонун белгилеп, элдин ыраазычылыгы үчүн иштеп берүүнү суранды. " Мына азыр жөнөкөй райондордун сотторунун эң аз деген айлыгы 300 миң сом болду. Облустуку андан дагы көбүрөөк. Жогорку соттун судьяларыныкы андан дагы көбүрөөк. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Ошол соттор коррупциялык элементтерге берилбесин, элдин турмушун, алардын чече турган жумушун акыйкат чечип берсин, президент ошого умтулуп жатат",-деди ал."Түндүк" тиркемесинде бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилет. Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин бөйрөктүн өнөкөт ооруларын аныктоо, дарылоонун системасын жакшыртуу боюнча программа даярдаган. Анда бөйрөк оорулары күчөп жатканы, маселен, 2022-жылы 2 миңден ашык адам гемодиализ алса, 2024-жылы алардын саны 3,6 миңге жеткени айтылган. Жыл сайын 10-15 пайыз өсүш байкалып, 80 пайызы оорунун акыркы стадияларында кайрылышары белгиленген. "Профилактика жана ооруну эрте аныктоо начар болгондуктан гемодиализге жана бөйрөк алмаштырууга муктаждык өсүп жатат. Бул абдан кымбат процедуралар. Мисалы, 2024-жылы гемодиализге эле 1 миллиард 345 миллион сом бөлүнгөн. Эгер алдын алуу чаралары көрүлбөсө 2030-жылы гемодиализге муктаждардын саны 9 миңге жетип, чыгым 4 миллиард сомдон ашышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. Муну токтотуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү сунушталган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 77 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 12-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 12-август, шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +34...+39, Баткенде +33...+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +27...+32, Нарын чөлкөмүндө +26...+31 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0b/1095815327_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_53199016aaeda2932e2ac8544c860f58.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио