00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
ЕАЭБге Ноокаттан эки жылда 1 100 тоннадан ашык тамеки продукциясы экспорттолгонЭттин баасын үч ай бою мамлекет көзөмөлдөйт"Манас" аэропорту ИАТА кодун расмий түрдө алмаштырдыАлдыда кененирээкБүгүндөн тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун өзгөртөрттү. "Кыргызстан аэропорттору" ААКдан билдиришкендей, эми FRU`нун ордуна BSZ колдонулат. Буга чейин код 9-августтан тарта алмаштырылары айтылган. Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Мыйзамсыз жер сатканын жашыруу үчүн жашоочуларды жол тосууга шыкактаган киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Буга чейин Көк-Жар айылындагы 172-контурда мыйзамсыз объектилер түрттүрүлө баштаган. Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, жол тоскону үчүн 22 киши кармалып, бешөө камалган. Мына ошол жол тосууга тургундарды шыкактап, акча бөлгөн делип 63 жаштагы И.Г. аттуу аял кармалды. Ал мыйзамсыз жер сатканын жашырууга далалат кылып, ушундай кадамга барганы айтылды. Тергөөдө "жер мафиясына" тиешеси бар башка адамдар да аныкталган. Жалпы зыян 10 миллион сомдон ашканы маалым болду. Ошондой эле Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы М.К., Көк-Жар айылынын мурдагы кызматкери, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору Д.Э. жана Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Бүгүн, 11-августтан тарта, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Мындай чара кой жана уй этине болгон баанын негизсиз кымбатташын алдын алуу жана калк үчүн жеткиликтүү баада кармап туруу үчүн киргизилген. Бирок сулп эттин баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынган жок. "Социалдык маанилүү товардын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта. Баага болгон чектөө 90 күнгө белгиленди.
Ош облусунун Ноокат районундагы ишканалардан быйыл 484,4 тонна тамеки калдыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылды. Ага ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга тамеки продукциясынын экпорту өскөн. "Ноокат районундагы ишканалардан 2023-жылы Вьетнамга 29,3 тонна, 2024-жылы 60 тонна тамеки сатылган. Ал эми Грецияга 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тонна ферменттелген тамеки чыгарылган. Мындан тышкары, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна тамеки калдыгы экспорттолсо, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна сатылган", — деп айтылат маалыматта. Тамекинин Европа жана Азияга туруктуу экспортунун өсүшү аймактагы ишкердикке жана айыл чарбасына оң таасир берип жатканы кошумчаланды.
Путин Аляскадагы жолугушууда Трамп менен сүйлөшүүгө жеңүүчү катары барат, ал эми Зеленский Украинанын келечегин чече турган саммитке чакырылган эмес. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезити жазды. “Трамп саясатты покер ойногондой эле жүргүзөт. Путин болсо саясатта шахматчыдай, ар бир кадамын эсептеп, каршылышын иликтеп, ошого жараша стратегия түзөт”, — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0