https://sputnik.kg/20250808/1095770206.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды... 08.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-08T13:00+0600
2025-08-08T13:00+0600
2025-08-08T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095770074_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9719c45818d9ca1606af489b5bf66335.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу тескемеге кол койду. Ага ылайык, форум 2026-жылдын июнунда өтөт. Бул максатта уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирди. "Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген Ысык-Көл эл аралык форуму адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн, терең ойлонулган, ачык жана айкын диалог аянтчасы болуп келген. Форумдун 40 жылдыгына байланыштуу бул мурас аянтчанын маңызын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде актуалдуу глобалдык чакырыктарга жооп издөө багытында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү максатында уюштуруу комитети түзүлсүн", — деп жазылган тескемеде. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү чыгымдары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Ижарага батир бергендер боюнча маалымат бербеген турак жай ээлеринин шериктиктештигинин (ТСЖ) жетекчилерин жоопко тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Демилгечилер турак жай менчик ээлеринин шериктиктештиги (ТСЖ) ар айдын бешине чейин батирин ижарага бергендер тууралуу маалымат берип, салыкчыларга көмөктөшүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат. Документте бул нормалардыы бузгандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 3000 сом айып салуу каралган..
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтууну шарттаган айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп берди. Эскерте кетсек, аталган мыйзамга ушул жылдын 4-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Өзгөрүүлөргө ылайык, базарларга патенттик салык система кайтарылды. Мында субъектилер электрондук эсеп-фактураны тариздөөдөн, ККМди пайдалануудан жана отчет берүү зарылдыгынан бошотулду. Ысабековдун айтымында, патенттин ставкасы жылдык жүгүртүүгө жараша аныкталат. Мурда соода үчүн 8 миллион сомго чейинки чектөө болсо, патент менен иштегендер үчүн базарларда мындай чектөө болбойт.Жылдык жүгүртүүсү 4 миллион сомго чейин айына 1500 сом төлөйт; Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки контейнерде соода кылгандар айына 3500 сом төлөйт; Көрсөтүлгөн чектен ашкан учурда ставка жүгүртүүгө жараша көбөйөт.Өзгөчө соода аймактарына импортко тыюу салынат, экспортко уруксат берилет. "Дордой" жана" Кара-Суу" базарларында катталган субъектилер үчүн импорт боюнча ушундай эле чектөөлөр колдонулат. Жаңы мыйзамга ылайык, базардан тышкары кичи соода түйүндөрү дагы патенттик системаны колдонсо болот. Мындан тышкары, салык ставкалар төмөндөдү. Жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъектилерге сатуудан алынуучу салык 4төн 2 пайызга түштү.
Президент Садыр Жапаров 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу тескемеге кол койду. Ага ылайык, форум 2026-жылдын июнунда өтөт. Бул максатта уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирди. "Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген Ысык-Көл эл аралык форуму адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн, терең ойлонулган, ачык жана айкын диалог аянтчасы болуп келген. Форумдун 40 жылдыгына байланыштуу бул мурас аянтчанын маңызын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде актуалдуу глобалдык чакырыктарга жооп издөө багытында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү максатында уюштуруу комитети түзүлсүн", — деп жазылган тескемеде. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү чыгымдары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнөт. Ижарага батир бергендер боюнча маалымат бербеген турак жай ээлеринин шериктиктештигинин (ТСЖ) жетекчилерин жоопко тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Демилгечилер турак жай менчик ээлеринин шериктиктештиги (ТСЖ) ар айдын бешине чейин батирин ижарага бергендер тууралуу маалымат берип, салыкчыларга көмөктөшүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат. Документте бул нормалардыы бузгандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 3000 сом айып салуу каралган..Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтууну шарттаган айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп берди. Эскерте кетсек, аталган мыйзамга ушул жылдын 4-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Өзгөрүүлөргө ылайык, базарларга патенттик салык система кайтарылды. Мында субъектилер электрондук эсеп-фактураны тариздөөдөн, ККМди пайдалануудан жана отчет берүү зарылдыгынан бошотулду. Ысабековдун айтымында, патенттин ставкасы жылдык жүгүртүүгө жараша аныкталат. Мурда соода үчүн 8 миллион сомго чейинки чектөө болсо, патент менен иштегендер үчүн базарларда мындай чектөө болбойт.Жылдык жүгүртүүсү 4 миллион сомго чейин айына 1500 сом төлөйт; Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки контейнерде соода кылгандар айына 3500 сом төлөйт; Көрсөтүлгөн чектен ашкан учурда ставка жүгүртүүгө жараша көбөйөт.Өзгөчө соода аймактарына импортко тыюу салынат, экспортко уруксат берилет. "Дордой" жана" Кара-Суу" базарларында катталган субъектилер үчүн импорт боюнча ушундай эле чектөөлөр колдонулат. Жаңы мыйзамга ылайык, базардан тышкары кичи соода түйүндөрү дагы патенттик системаны колдонсо болот. Мындан тышкары, салык ставкалар төмөндөдү. Жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъектилерге сатуудан алынуучу салык 4төн 2 пайызга түштү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095770074_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e5e8b13ac8e157ca31fe24438de05862.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио