https://sputnik.kg/20250806/bishkek-zher-amnistiyasy--1095733910.html
Мэрия Көк-Жар айылында коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын билдирди
Мэрия Көк-Жар айылында коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 06.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-06T14:50+0600
2025-08-06T14:50+0600
2025-08-06T16:16+0600
кыргызстан
бишкек
амнистия
"көк-жар" конушу
жер
мыйзамдаштыруу
бузуу
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1d/1065654392_0:56:1080:664_1920x0_80_0_0_b85d535d240a4544c9c84d6a4d02fd3b.jpg
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер амнистиясынын алкагында 37 миң 027 арыздан 21 миң 780и жактырылган. Аталган контурда жалпысынан 1 089 жер тилкесинен 209унда гана үйлөр курулганы кошумчаланды. Ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе курулган эмес. Эске салсак, аталган аймакта кечээтен бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бүгүн жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп алышкан. Айрымдарын милиция кармап кеткен.
https://sputnik.kg/20230202/deputat-zher-amnistiya-korrupciya-1072553803.html
бишкек
"көк-жар" конушу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1d/1065654392_60:0:1020:720_1920x0_80_0_0_b5c982a15529e83a60b9c6511f35c22d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, амнистия, "көк-жар" конушу, жер, мыйзамдаштыруу, бузуу
кыргызстан, бишкек, амнистия, "көк-жар" конушу, жер, мыйзамдаштыруу, бузуу
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер амнистиясынын алкагында 37 миң 027 арыздан 21 миң 780и жактырылган.
"Көк-Жар аймагындагы №172 контурда негизинен коммерциялык жана турак жайга кирбеген курулуштар бузулууда. Кечээ шаар кызматтары тарабынан эмерек цехи, картинг аянтчасы, пескоблок чыгаруучу цех, ашкана менен дүкөндүн кире бериш бөлүктөрү, автосервис, ангар жана башка курулуштар буздурулду. Ал эми турак жайы барларга жер тилкесин белгиленген багытка ылайыкташтыруу үчүн мөөнөт берилүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Аталган контурда жалпысынан 1 089 жер тилкесинен 209унда гана үйлөр курулганы кошумчаланды. Ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе курулган эмес.
Эске салсак, аталган аймакта кечээтен бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бүгүн жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду
тосуп алышкан. Айрымдарын милиция кармап кеткен.