00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнүп, шаарга 12 кабат ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. Калаага барган Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаров Балыкчыга миллиард сом бөлүүнү чечкенин айтып, акчага эмне иштер жасаларын тизмектеди. Анын айтымында, каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык объектилерди курууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталат. Алсак, шаардын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат. Ал эми 20-июль күнү 12 кабат ипотекалык турак жайдын курулушу башталып, мезгил кутусу салынат. "Камчыбек Ташиев Балыкчы үчүн 100 миллион сом бөлүүгө убада берди. Бул акчага 10 автобус, "Тазалык" ишканасы үчүн заманбап техникалар алынат. Учурда Бишкектен атайын техникалар шаарга жеткирилип, иш башталган", — деди иш башкаруучу. Туманбаев президенттин иш башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аралашпай турганын убадалаган.
Мамлекеттик салык кызматы белгилүү "D Billions" тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады. Мекемеден билдиришкендей, тасманын максаты – келечек муунга мекенди сүйүүнү, ар бир жарандын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымынын маанисин жөнөкөй жана кызыктуу жол менен түшүндүрүү болуп саналат. Ошондой эле, мультфильм өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин, коомдук аң-сезимин калыптандырууну, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратмандык, позитивдүү иштерге жигердүү катышууну жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт. Жаркын образдар, жандуу музыка жана эмгекчил каармандардын жөнөкөй иш-аракеттери менен мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошууга болорун чагылдырат.
Москвада "Ысык-Көлдүн жээгине саякат" аталышындагы көргөзмө ачылды. Анда Чыгыш мамлекеттик музейи чогулткан 50дөн ашуун экспонат бар. Долбоор ХХ кылымдагы сүрөт искусствосуна арналган. Коноктор көркөм сүрөт искусствосунун ар муундагы өкүлдөрү Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Жамбул Жумабаев, Догдурбек Нургазиев жана Шаарбек Аманкуловдун эмгектерине күбө боло алышат. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев кыргыз-орус достугун жана кызматташуусун бекемдөөчү орчундуу окуя экенин белгиледи. Чыгыш мамлекеттик музейинин директорунун орун басары Илья Зайцев улуттук живопись мектебинин эки чыгаан өкүлүн белгиледи. Иш-чара 12-октябрга чейин уланат.
АКШ экономикасы анча чоң эмес 150 мамлекетке 10-15 пайыздык бажы алымын киргизүү ниетинде. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Real America"s Voice телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Калган 150дөй өлкө үчүн бир санды бекители деп жатабыз. 10 же 15 пайыздын чегинде болот, так чечим кабыл алына элек. Бул чоң иш", — деген АКШ лидери. Эскерте кетсек, Трамп кайрадан президент болуп шайлангандан кийин соода саясатын катаалдата баштады. Мексика менен Канададан келчү товарга бажы алымын киргизип, Кытайдыкын жогорулатып, болот, алюминий жана автоунааларга тариф чектеген. 2-апрелде Вашингтон импортко 10 пайыздык өз ара бажы төлөмүн бекитип, 57 мамлекеттен жогорулатылган акы алына баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0