https://sputnik.kg/20250714/1095284778.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунундагы жол курулуш иштеринен кабар алды. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы... 14.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-14T08:59+0600
2025-07-14T08:59+0600
2025-07-14T10:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095284646_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_27defd0be459aa7b8b2196ab41b81f28.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунундагы жол курулуш иштеринен кабар алды. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунун реконструкция иштери менен таанышып, асфальт басуу иштерин тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле министр Сыргабаев Кант–АБЗ унаа жолуна барып, жумуштарды жеринен көзөмөлдөдү. Аталган жолго быйыл 2 чакырым асфальт төшөө каралган. Бирок министри кошумча дагы 3 чакырымды асфальт төшөөнү тапшырды. Мындан тышкары, министри иш ыргагын ыкчамдатып, сапатына көңүл бурууну талап кылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кегетидеги Көл-Төр көлүн изилдешти. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри, Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Чүй облусунун Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, андан агып чыккан суунун ченеми, марена дамбасынын туруктуулугу изилденди. Ага мониторинг жана байкоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган. Алардын изилдөөсүнөн соң, көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган. Ага карабай тоо көлүнүн толуу процессин жана жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылган.
Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги “Газпром-балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган балдар жана кыздар арасында оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө. Мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан келген жаш спортчулар катышууда. өлкө биринчилиги балдар арасында 10 салмак ченде ал эми кыздар арасында 6 салмак ченде өтүп жатат. Иш-чара 12-июлда башталган бүгүн 14-июлда аяктайт.
Урсула фон дер Ляйендин тушунда Евробиримдиктин өнөр жайы менен экономикасы кыйла солгундап кетти. Бул тууралуу Россиянын Түз инвестициялар фондунун төрагасы, Россия президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, АКШнын 30 пайыздык бажы төлөмүнө кошумча энергоресурстардын кымбатташынан, муунткан бюрократиянын айынан ЕБдин өнөр жайы төмөндөөдө. “Буга көзөмөлдөн чыгып кеткен иммиграцияны, цензура, араң жан капитал рыногун, жаштар арасындагы жумушсуздукту кошууга болот”, — деген ал.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунундагы жол курулуш иштеринен кабар алды. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунун реконструкция иштери менен таанышып, асфальт басуу иштерин тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле министр Сыргабаев Кант–АБЗ унаа жолуна барып, жумуштарды жеринен көзөмөлдөдү. Аталган жолго быйыл 2 чакырым асфальт төшөө каралган. Бирок министри кошумча дагы 3 чакырымды асфальт төшөөнү тапшырды. Мындан тышкары, министри иш ыргагын ыкчамдатып, сапатына көңүл бурууну талап кылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кегетидеги Көл-Төр көлүн изилдешти. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри, Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Чүй облусунун Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, андан агып чыккан суунун ченеми, марена дамбасынын туруктуулугу изилденди. Ага мониторинг жана байкоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары тартылган. Алардын изилдөөсүнөн соң, көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган. Ага карабай тоо көлүнүн толуу процессин жана жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, сифон ыкмасы менен көлдүн суусу азайтылган. Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги “Газпром-балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган балдар жана кыздар арасында оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө. Мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан келген жаш спортчулар катышууда. өлкө биринчилиги балдар арасында 10 салмак ченде ал эми кыздар арасында 6 салмак ченде өтүп жатат. Иш-чара 12-июлда башталган бүгүн 14-июлда аяктайт. Урсула фон дер Ляйендин тушунда Евробиримдиктин өнөр жайы менен экономикасы кыйла солгундап кетти. Бул тууралуу Россиянын Түз инвестициялар фондунун төрагасы, Россия президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, АКШнын 30 пайыздык бажы төлөмүнө кошумча энергоресурстардын кымбатташынан, муунткан бюрократиянын айынан ЕБдин өнөр жайы төмөндөөдө. “Буга көзөмөлдөн чыгып кеткен иммиграцияны, цензура, араң жан капитал рыногун, жаштар арасындагы жумушсуздукту кошууга болот”, — деген ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095284646_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_433fe7db0841e9a543ed5e84083c5fcd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио