00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Эне менен баланын коопсуздугу — төрөткө кантип даярдануу керек?
17:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ревматизм жүрөк, онкология, баш ооруларын козгойт. Дарыгердин маеги

© PixelsEffectРевматизмден ооруган улгайган адам колун укалап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Ревматизмден ооруган улгайган адам колун укалап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2025
Жазылуу
Эти ысып, муундары ооруп, адамдын жүзүндө көпөлөк формасындагы кызыл тактар пайда болот. Тутумдашкан кызыл жүгүрүк стресстен, туура эмес тамактануудан, уйкунун бузулушунан жана генетикалык факторлордон улам келип чыгат.
Sputnik Кыргызстан радиосунда жогорку категориядагы ревматолог, Саламаттык сактоонун отличниги Махабат Жетибаева болду. Биз оорунун табияты, кесепети жана алдын алуу жолдору тууралуу баарлаштык.
— Махабат айым, тутумдашкан кызыл жүгүрүк деген эмне? Оору тууралуу кыскача түшүндүрмө берип кетсеңиз...
— Бул ревматоиддик, аутоиммундук оорулардын бири. Башкача айтканда, организм өзү менен өзү күрөшө баштайт. Бул оору адамдын териден баштап ички органдарына чейинки бардык системасын жабыркатышы мүмкүн. Айрыкча кан тамырларга чоң күч келет, бирок оору аутоиммундук процесстерден башталат.
— Аутоиммундук процессте эмне үчүн адамдын организми өзүнө каршы иштеп калат?
— Бул көбүнчө генетикалык өзгөрүүлөрдөн улам болот. Ар бир адамда иммунитет коргоочу милдетти аткарышы керек. Бирок аутоиммундук ооруларда иммундук система организмге каршы реакция жасап калат. Буга вирус, стресс, инфекция же туура эмес жашоо образы себеп болушу мүмкүн.
— Ревматизмди тукум кууган оору деп айтууга болобу?
— Тукум куучулук чоң роль ойнойт, бирок ата-эне ооруса, бала сөзсүз ооруйт деп айтууга болбойт. Генетикалык негиз бар, бирок козгоочу фактор болмоюнча оору башталбайт. Бул оору менен көбүнчө жаш келиндер жабыркайт. Төрөт мезгилинде же жаш кезде иммунитет күчтүү болгону менен аутоиммундук реакциялар да активдүү болот. Кээ бир учурларда иммунитетти көтөрүүчү витаминдер, дарылар бул ооруну козгоп жибериши мүмкүн. Ошондуктан дарыгердин кеңеши жок колдонууга болбойт.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЖогорку категориядагы ревматолог, Саламаттык сактоонун отличниги Махабат Жетибаева
Отличник здравоохранения, врач-ревматолог Махабат Джетыбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2025
Жогорку категориядагы ревматолог, Саламаттык сактоонун отличниги Махабат Жетибаева
— Оорунун белгилери кандай болот?
— Башында адам эти ысып, шалдырап, чарчай баштайт. Температура бир айдан ашык түшпөйт, муундар ооруйт же шишийт, бетке, денеге көпөлөк формасында кызыл тактар чыгат. Кээ бир учурларда психика бузулуп, дем жетпей, ички органдарда суу топтоло баштайт, бут шишип кетет.
— Бул оору мезгилге байланыштуубу? Мисалы, жайында күчөйбү?
— Ооба, айрыкча күн нуру активдүү болгон жай, жаз айларында күчөйт. Күнгө күйүү, көлгө түшүү да ооруга терс таасирин тийгизет. Демек, күндөн сактануу өтө маанилүү. Ошентсе да ооруну так алдын алуу жолу жок. Бирок туура тамактануу, уйкуну калыбына келтирүү, көп кыймылдоо, ашыкча салмактан арылуу жана стресстен оолак болуу менен көп дартты алдын алууга болот.
— Илдет канча убакытка чейин созулат?
— Ар адамда ар түрдүү өтөт. Бирөө 10 жыл бою ооруп, жеңил формасы менен жашап жүрөт, башкасында илдет бөйрөк же өпкө ооруларын жаратып, оор формада өтүшү мүмкүн. Дагы бирөөлөрдүн бойго бүтүүсүнө тоскоолдук жаратат. Организмге жараша айырмаланат.
— Дарыланбаса же кайдыгер мамиле жасалса бейтапты кандай тобокелдиктер күтүшү мүмкүн?
— Эгер бейтап режимди сактабаса, убагында дарыланбаса, таза органы да жабыркап калышы мүмкүн. Маселен, дарыларын ичпей койсо таптаза турган бөйрөгү да жабыркай башташы ыктымал. Жүрөгү, өпкөсү, психикасы жабыркашы мүмкүн. Убагында дарыгерге кайрылып көзөмөлдө болсо оору толук айыгат деп айта албайбыз, бирок аны токтотуп, басаңдатууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми кайдыгер мамиле жасалса дарттын кайсы органга өтөрү белгисиз болуп калат.
— Биротоло сакайып кетүү мүмкүн эмес экен да?
— Так сакайып кетүү мүмкүн эмес, бирок ооруну дарынын күчү менен уктатып койсок болот. Кээ бир бейтаптар эч кандай дары ичпей, баары жакшы болсо дагы үч айда бир, алты айда же жылына бир анализ тапшырып "козголгон жокпу" деп көрүнүп турат. Бирок алар айтылгандын баарын так аткарып, дарыгерлердин көзөмөлүнө болушат.
Ал эми ремиссияга жетүү мүмкүнчүлүгү да ар бир адамдыкы ар кандай. Бирөөгө 10-15 жыл кетсе, бир адамга бир-эки жыл керектелет. Мисалы, айрымдардын жөн гана эти ысып, бездери чоңоюп, муундары шишип, денесине жанагындай кызыл тактар чыгып, өпкөсүнө суу толушу мүмкүн. Эгер ал башка органдарына өтпөсө, аны ремиссияга алып келүү үчүн болгону бир-эки жыл керектелет. Же ага улам 10-15 жыл кошула берип ремиссияга жетпей да калышы мүмкүн. Ар бир адамда бул оору ар кандай жүрөт дебедикпи. Адамдардын иммунитети, жашоо-турмушу, берилген дары-дармекти колдонуп, тапшырмаларды аткарганы да ар башка болгону үчүн бири-бирине окшобойт.
© Sputnik / Арууке АмирдиноваЖогорку категориядагы ревматолог, Саламаттык сактоонун отличниги Махабат Жетибаева
Ревматолог Махабат Джетыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2025
Жогорку категориядагы ревматолог, Саламаттык сактоонун отличниги Махабат Жетибаева
— Дарылары кымбатпы? Бейтаптар өздөрү сатып алышабы же мамлекеттен кандайдыр бир камсыздоолор барбы?
— Дарылардын кымбаты да бар. Ал эми ошол кымбат дарылар менен мамлекет камсыздайт дегендей кылып жатышат. Бирок азырынча жыйынтык боло элек. Кээде дарылар такыр табылбай калат, ошол учурда сырттан да буйрутма беришет. Кыргызстанда дарылардын жок болгону, каттоодон өтпөгөнү кыйынчылык жаратат.
— Ал эми жабдыктар жаатында абалыңыздар кандай?
— Мамлекеттик ооруканалар бул илдетти аныктап диагноз коё албайт. Анткени негизги үч ооруканада кызыл жүгүрүктү дарылаганы менен анализин чыгаруучу жабдык жок. Бейтап анализ үчүн жеке клиникаларга келет. Негизи өлкөдө ревматологдор жетишпейт. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гана адистер бар. Кыргызстанда болгону 30га жетпеген ревматолог иштейт. Азыр бизде да даярдап башташты. Бирок талапка ылайык адис даярдашса жакшы болот эле. Ревматолог болуш үчүн сырттан да окуп же болбосо ревматологиялык бөлүмдө иштеп, тажырыйба топтош керек. Азыр окууну бүткөндөр деле иштеп кете албай жатышат. Себеби бардык ревматологиялык оорулар толук окутулбайт. Сабак берген мугалимдер ревматологдор эмес.
— Тутумдашкан кызыл жүгүрүк оорусуна кабылган адам кандай тамактанышы керек ?
— Негизи эле сырттан келген жер-жемиштен оолак болушу керек. Өзүбүздө табигый жол менен өскөн көк алманы, бадыраң жана башка жашылчаларды сунуштайбыз. Аллергия кылуучу жемиштерге (кулпунай, шабдалы) тыюу салынат. Аллергия менен кызыл жүгүрүктүн диетасы окшош. Себеби кызыл тактарды козгоп коюу коркунучу бар, ал ооруга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кызыл жүгүрүк кээ бирөөнүн бөйрөгүн, боорун, жүрөгүн же баш оорусун козгойт. Ошондуктан бөйрөгү жабыркай турган болсо тузу кем тамактанып, этти азыраак жеши керек жана анализине жараша белоктун да өлчөмүн айтабыз. Кээ бирөөнүн кан басымы көтөрүлүшү мүмкүн. Таттуу жана газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт. Эгер бөйрөгү же кан басымы жабыркабаса үйдөн тузу аз жарма жасап ичсе болот. Кымыз, бээнин сүтү болбойт.
— Кыргызстанда статистика боюнча бул оору менен ооругандардын саны канча?
— Дүйнөлүк статистиканы алганда 100 миң кишиге 50 киши туура келет. Мындан азыраак, же тескерисинче, көбүрөөк да болушу мүмкүн. Бизде жети миллион адамга 3 500 киши туура келет. Жеке эле кызыл жүгүрүк оорусу эмес, башка ревматологиялык оорулар да адамды майыптыкка алып келет. Статистика боюнча, өлкөдө буту-колдун, муундун тутумдашкан оорулары төртүнчү орунда турат. Бейтаптардын көпчүлүгү эмгекке жарамдуу курагында майып болуп калышат. Эгер убагында дарылап, анализин чыгара турган болсок, ооруну токтото алабыз. Кызыл жүгүрүк жүрөк, онкологиялык ооруларга айланып кетет. Боюнан түшө берген же балалуу боло албай жүргөн келиндер да ревматологдордон консультация алып коюшу керек.
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2019
Дарысы эркектин бел суусуна таасир этет. Кызыл жүгүрүк дарты тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0