00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда саясий келишпестик жана карама-каршылык жок. Эки өлкө бири-бирин толук түшүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Москвада Владимир Путин менен жолугушуусунда айтты. "Биздин өлкөлөр бири-бирин жакшы түшүнөт, ортодо ишеним бар. Саясий келишпестиктер же карама-каршылыктар жок", — деди Жапаров. Ал 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Путиндин келишин чыдамсыздык менен күтөрүн кошумчалады.Ал эми Владимир Путин Россия — Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири, бул мамиле келечектеги пландар менен да бекемделип жатканын билдирди. "Эки тараптуу мамилелерге келсек, сиздин иш сапардын алкагында мамилелерибиздин бардык багыттарын, албетте, биринчи кезекте экономика жаатын карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтабыз. Бул тармакта бизде жакшы, туруктуу өнүгүү болуп жатат. Өткөн жылы товар жүгүртүү 11 пайыздан ашык болуп, жогорулады. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында дагы 17 пайыз кошулду. Андыктан бизге керектүү жыйынтыктарга жетип жатканыбызды белгилеп айтсак болот. Кыргызстанда Россиянын көп компаниялары иштеп жатат", — деген Путин. Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россияга жумушчу сапары башталды. Аны бир топ министрлер менен аткаминерлерден турган делегация коштоп барды.
Кыргызстан атыр продукциясынын эскпортун 86 эсеге көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, быйыл январь-апрель айларында республика тышка 8,6 тонна атыр саткан. Өткөн жылдын ушул эле маалында 0,1 тонна продукция экспорттолгон болчу. Негизги кардар ЕАЭБ өлкөлөрү болуп саналат. Алардын ичинен эң көп алганы — Казакстан менен Россия.
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо 20-22-июль күндөрү эстрада музыкасынын "Мейкин Азия" IV эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди. Белгилүү ырчылар Димаш Кудайберген, Sevak жана Ay-Yola тобу фестивалдын ардактуу коноктору болот. Фестивалда 25тен ашык өлкөнүн таланттуу жаш эстрада ырчылары ат салышат. Ар бир сынак күнү Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын концерти менен коштолору кошумчаланды.
Россия Азербайжанда кармалган өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргойт, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот. Мындай билдирүүнү Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жасаганын РИА Новости жазды. "Биз жарандарыбыздын мыйзамдуу кызыкчылыктарын дипломатиялык каналдар аркылуу коргойбуз жана бул үчүн колубузда болгон бардык каражаттарды колдонобуз", — деди Песков журналисттерге. Ал ошондой эле Кремль Азербайжанда Россия жарандары кармалган кадрларды көрүп, бардык деталдарга көңүл бурулганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0