00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды. Бул сессиядагы соңку жыйынды жаап жатып, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш жаңы Кыргызстанды курууда орчундуу роль ойноп жатканын белгиледи. Ал мыйзам чыгаруу органы ачыктыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда экенин айтып, айрым демократиялуу өлкөлөрдүн парламенттеринде да жыйындар түз көрсөтүлбөй турганын белгиледи. "Министрлер кабинети көптөгөн мыйзам долбоорлорун алып келип жатканы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы бир катар тарыхый маселелерди чечти. Чек ара маселеси келечекте дүйнөгө үлгү болчудай деңгээлде чечилди деп ишенем. Ошондой эле мамлекеттик тил тууралуу мыйзам мурдагы "күчтүү" делген чакырылыштар кабыл ала албаган мыйзам болчу. Биз аны кабыл алдык жана муну сыймыктануу менен айта алам. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак бар: күчтүү президент жана күчтүү парламент", — деди Тургунбек уулу. Эл өкүлдөрү бир ай шайлоочулар менен иштеп, бир ай эмгек өргүүдө болот.
Чолпон-Ата шаарында электоралдык форум өтүп жатат. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Беларусь жана башка бир катар өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын башчылары жана өкүлдөрү катышууда. Форумдун башында президент Садыр Жапаров катышуучуларга онлайн кайрылып, форумдун ишине ийгилик каалады.Пленардык сессиянын темасы "Эл аралык шайлоо тажрыйбасын улуттук контекстке ылайыкташтыруу" деп аталат. Ошондой эле шайлоо системасында иштегендерди окутуунун мыкты ыкмалары боюнча тегерек стол өткөрүлмөкчү. Бүгүн иш-чара 28-июнга чейин уланат. Ысык-Көлдө КМШга мүчө өлкөлөрдүн борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары, парламент депутаттары жана эксперттер чогулган.
Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кеп атайын кызмат "белгилүү шылуун" деп атаган 43 жаштагы Абдулла Юсупов жана анын шериги тууралуу болууда. "Шектүү УКМК башчысы жана президент менен тааныштыгым бар деп Сузактагы байлардын жерлерин өз атына жаздырып, жер тилкелерин сатып жиберген", — деп айтылат маалыматта. Юсупов буга чейин талап-тоноочулук, курал-жарак жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан НАТОнун Гаагадагы саммитинде эл аралык коопсуздук темасын Түркия менен АКШнын президенттери Дональд Трамп, Режеп Тайип Эрдоган менен талкуулап, кыска жолугушууларды өткөргөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Нидерланд падышасы берген кечки тамакка бардыгы барды, үчөөбүз калдык. Трамп, Түркия президенти, мен болуп кооптуулук боюнча көңүл борборунда турган маанилүү маселелерди талкууладык", — деген Орбан. Анын айтымында, Гаагадагы саммитте Украина альянстын мүчөлөрү болбош керек деген позицияны жактагандар "жеңип кетишкен". Эми ЕБдин Брюсселдеги саммитинде кызыл чеке болушарын, себеби ал жерде Украина НАТОго кирсин, Киев европалык акчага согушту улантышы керек деген пикирдегилер арбындыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0