00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Киберчабуулдар социалдык, экономикалык туруктуулукту бузуп, тышкы басымдын куралы болуп, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди азайтуунун куралына айланып бара жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык биринчи конференциясынын катышуучуларына кайрылуусунда айтылган. Кайрылуудагы маанилүү учурлар булар: кибермейкиндик чыр-чатактардын аянтына айланды: киберчабуулдар барган сайын татаал жана системалуу болуп баратат; кооптуулуктарга жөн эле жооп бербестен, алдын ала иштеп, санарип коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл; кибермейкиндикти коргоодогу жалгыздап жасалган аракеттер жетишсиз. Эл аралык деңгээлде маалымат алмашуусуз, технология жана аналитикасы жок бир дагы мамлекет жогорку деңгээлде уюшулган кылмышкерлердин тобуна толук каршы тура албайт; бүгүнкү конференция санарип дүйнөнүн тездик менен өнүгүп жаткан шартында өз ара кызматташууну чыңдоонун жаңы этабын көрсөтүп бермекчи: кибер коопсуздук ар бир мамлекеттин ички маселеси болбой калды. Кыргызстан ЖККУнын алкагында өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө олуттуу карап, терең маани берет. Бир мамлекетке келтирилген кооптуулук — бардык өлкөлөрдүн маселеси.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пунк күнү-түнү иштей баштайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады. Кеп "Кадамжай", "Чечме" жана "Ак-Кыя" өткөрүү бекеттери жөнүндө болуп жатат. Режим кечээ саат 20:00дөн тарта башталды.Чек ара кызматы мындай чара туристтик сезондо жарандардын ары-бери жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталганын билдирди. Өткөрүү пунктулары 1-октябрга чейин ушундай режимде иштемекчи.
Айыл чарба министрлиги 50 миллион сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигининАсыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 49 млн 981 мин сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат. Министрликтен билдиришкендей, сатып алуу боюнча "Сидс-Агро" ЖЧКсы жана "Карина-Агро" айыл чарба кооперативи менен келишим түзүлдү. Каражатка кылкансыз түбү бош, таракбаш үрөнүн сатып алуу пландалууда.
Американын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири жакынкы күндөрү Иранга чабуул жасашы мүмкүндүгүн, ага даярдык жүрүп жатканын айткан. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып билдирди. Агенттикке маалымат берген кишилердин бири сокку уруу алдыдагы дем алыш күндөрү болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Бул иштен кабары бар аткаминердин айтымында, бир катар федералдык мекемелердин жетекчилери да даярдык көрө баштаган. Wall Street Journal басылмасы мурдараак Трамп шейшемби күнү Иранга кол салуу боюнча планды жактырып, бирок соңку буйрукту бербей токтоп калганын кабарлаган. CNN да Ак үй башчысы чабуул жасабай, аярлдап турганын жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0