00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Германия өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү Россия менен сүйлөшүүгө ыктап турат

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБундестагдын имаратында Германиянын мамлекеттик желеги. Архив
Бундестагдын имаратында Германиянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Германиянын министрлер кабинетиндеги социал-демократтардын бир катар ири саясатчылары өкмөт канцлер Фридрих Мерцтин жетекчилигинде Россия менен сүйлөшүүнү баштоого, америкалык ракеталарды алардын аймагына жайгаштыруу планынан баш тартууга макул экендигин билдиришти. Бул туурасында РИА Новости Stern журналына шилтеме берип жазды.
"Коргонуу жөндөмдүүлүгү аркылуу Европада тынчтыкты камсыз кылуу, курал-жаракты көзөмөлдөө жана өз ара түшүнүшүү аркылуу" деп аталган "манифест" документинде көрүнүктүү бир катар социал-демократтар тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча дароо бурулуш жасоону талап кылышат", — деп жазат документке таянган басылма.
Социал-демократтар бир топ конкреттүү чараларды талап кылышууда. Анын ичинде Россия менен жакындашуу курсу да бар, ал "бардык европалык мамлекеттердин дипломатиялык аракеттерин ыкчамдатуу" зарылдыгын белгилеген.
"Украинанын эл аралык укук жаатындагы мыйзамдуу дооматтарына колдоо көрсөтүү Европадагы бардык (өлкөлөрдүн — ред.) коопсуздук жана туруктуулук жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарына шайкеш келиши керек. Ушул негизде ок атышууну токтоткондон кийин Россия менен диалогду жандандырууга аракет жасоо зарыл", — деп айтылган документте.
Документтин авторлору "Россия менен кызматташуу жана мамилелерди жөнгө салууга акырындап кайтып келүүгө", андан сырткары, Глобалдуу түштүктүн талаптарын эске алууга чакырган.
Мындан сырткары, орто алыстыкка атылуучу америкалык жаңы ракеталарды Германияга жайгаштыруу планын чакыртып алуу талабы айтылууда. Бул нерсе жаңжал учурунда өлкөнү "биринчи бутага" айлантышы мүмкүн деген тынчсыздануу турат.
Авторлор коргонууга кеткен чыгымды 3,5 пайызга көтөрүү же ага ИДПнын 5 пайызын жумшоо пландарын сынга алышкан. Бул кооптуулук жагынан алып караганда негизсиз дешкен.
Stern тараткан маалыматка караганда, бул документ Германиянын федералдык өкмөтүнүн саясатына гана эмес, социал-демократтардын партиялык жетекчилигинин багытына да каршы келет.
Басылма документке көрүнүктүү, партиянын сол канатындагы олуттуу орду бар бир нече социал-демократтар кол койгонун билдирген. Алардын арасында фракция башчысы Рольф Мютцених, тышкы саясат боюнча адистешкен Ральф Штегнер, партиянын мурдагы төрагасы Норберт Вальтер-Борьянс, федералдык мурдагы министр Ханс Айхель жана Бундестагдын башка депутаттары бар.
Өткөн аптада канцлер Мерц Россия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталгандыгына карабай жаңжалды күч көрсөтүп чечүү керек деген билдирүүсүн жасаган.
Майдын аягында канцлер Улуу Британия, Франция жана АКШ, эми Германия алыскы аралыкка атылуучу ракеталарды Украинага берүү иштерине коюлган чек алынганын билдирген эле. Аны менен Киев Россияга чабуул коюшу мүмкүндүгү айтылып келген. Кийинчерээк Германиянын вице-канцлери, Социал-демократтар партиясынын лидери Ларс Клингбайль Мерцтин билдирүүсүнө карабай Украинага курал жеткирүү боюнча позициясын өзгөрткөн эмес.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва немецтик Taurus ракетасынын россиялык объектилерге чабуулун Берлиндин Киев менен кошо бул согушка катышып жатканы деп кабыл аларын айткан.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2025
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мерцтин Киевди куралдандыруу ниети Россия менен Германияны жаңжалга түртөт
Жаңылыктар түрмөгү
0