https://sputnik.kg/20250517/1094039962.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүүнүн кезектеги этабы башталды Энергетика министрлиги "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу... 17.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-17T16:59+0600
2025-05-17T16:59+0600
2025-05-17T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094039830_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e6f31be0f21954f1f49f4001b9eb686f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүүнүн кезектеги этабы башталды Энергетика министрлиги "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо — 3" долбоору ишке киргенин кабарлады. Анын алкагында 200 млн сом каралган. Жарандарга, ишкерлер жана ишканаларга Айыл Банктан жана Элдик Банктан 150 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, үч пайыз менен берилери белгиленди. Мөөнөтү 12 же 24 ай.
Бишкек шаарында 20-майдан тартып Лев Толстой көчөсүнүн Калык Акиевден Яков Логвиненкого чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн жабылат. Мэрия аталган жолдор капиталдык оңдоодон өтөрүн айтышты. Ал эми Москва көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. "Жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз", — деп элге шаар башкармалыгынан кайрылышты. Аталган көчөлөр менен жүрүүчү коомдук транспорттор эми кандай маршрут менен каттай турганы боюнча маалымат өзүнчө берилерин айтышты.
Эверестке кыргызстандык аялдардын ичинен биринчи болуп чыккан Асел Байбагышеваны аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты “Бийиктикти болгону 54 саатта багындыруу – бул сиздин мыкты даярдыгыңыздын жана сынбас эркиңиздин далили. Кыргызстан Эверестти багындырган биринчи альпинист айым менен сыймыктанып, ошону менен бирге, жаштар сизди үлгү катары көрүп эң бийик максаттарга умтулуусуна шыктандырат”, — деди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Айбек Абдымомунов.
АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен жолугууга ишеним артып жатканын Fox News телеканалына интервью берип жатканда сөз кылганын РИА Новости жазды. "Менсиз келишим (Украина боюнча — ред.) түзүлбөйт. Андыктан жолугуш керек, бир пикирге келебиз деп ойлойм", — деген Трамп. Андан мурдараак да жолугушуу боюнча башкачараак мүнөздө айткан. "Бул маселени чечебиз деп турам, балким, чечпейбиз. Эмне болгон күндө да абалды, эмне болуп жатканын билип калабыз”, — деп Бириккен Араб Эмирлигинен кайтып баратканда учактан журналисттерге айткан. Мурдараак РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жакын арада жолугушуусу боюнча эч кандай даярдык көрүлбөгөндүгүн, бул маселе талкууланбагандыгын айткан.
89 жылдан бери эң ысык 16-май кечээги күн болду. Бул тууралуу "Погода жана климат" сайтындагы мониторингде айтылат. Анда 1936-жылдан 2025-жылга чейинки ар бир күн боюнча маалымат көрсөтүлгөн. Бул аралыктагы 16-май күндөрү орточо температура 28,5 градус деп катталып келген, кечээ термометр 35,2 градусту көрсөттү. Ал эми 16-майдын эң суук учуру 1964-жылы катталган, бул күнү температура араң 1,5 градуска жеткен.
Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүүнүн кезектеги этабы башталды Энергетика министрлиги "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо — 3" долбоору ишке киргенин кабарлады. Анын алкагында 200 млн сом каралган. Жарандарга, ишкерлер жана ишканаларга Айыл Банктан жана Элдик Банктан 150 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, үч пайыз менен берилери белгиленди. Мөөнөтү 12 же 24 ай.Бишкек шаарында 20-майдан тартып Лев Толстой көчөсүнүн Калык Акиевден Яков Логвиненкого чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн жабылат. Мэрия аталган жолдор капиталдык оңдоодон өтөрүн айтышты. Ал эми Москва көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. "Жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз", — деп элге шаар башкармалыгынан кайрылышты. Аталган көчөлөр менен жүрүүчү коомдук транспорттор эми кандай маршрут менен каттай турганы боюнча маалымат өзүнчө берилерин айтышты.Эверестке кыргызстандык аялдардын ичинен биринчи болуп чыккан Асел Байбагышеваны аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты “Бийиктикти болгону 54 саатта багындыруу – бул сиздин мыкты даярдыгыңыздын жана сынбас эркиңиздин далили. Кыргызстан Эверестти багындырган биринчи альпинист айым менен сыймыктанып, ошону менен бирге, жаштар сизди үлгү катары көрүп эң бийик максаттарга умтулуусуна шыктандырат”, — деди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Айбек Абдымомунов.АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен жолугууга ишеним артып жатканын Fox News телеканалына интервью берип жатканда сөз кылганын РИА Новости жазды. "Менсиз келишим (Украина боюнча — ред.) түзүлбөйт. Андыктан жолугуш керек, бир пикирге келебиз деп ойлойм", — деген Трамп. Андан мурдараак да жолугушуу боюнча башкачараак мүнөздө айткан. "Бул маселени чечебиз деп турам, балким, чечпейбиз. Эмне болгон күндө да абалды, эмне болуп жатканын билип калабыз”, — деп Бириккен Араб Эмирлигинен кайтып баратканда учактан журналисттерге айткан. Мурдараак РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жакын арада жолугушуусу боюнча эч кандай даярдык көрүлбөгөндүгүн, бул маселе талкууланбагандыгын айткан.89 жылдан бери эң ысык 16-май кечээги күн болду. Бул тууралуу "Погода жана климат" сайтындагы мониторингде айтылат. Анда 1936-жылдан 2025-жылга чейинки ар бир күн боюнча маалымат көрсөтүлгөн. Бул аралыктагы 16-май күндөрү орточо температура 28,5 градус деп катталып келген, кечээ термометр 35,2 градусту көрсөттү. Ал эми 16-майдын эң суук учуру 1964-жылы катталган, бул күнү температура араң 1,5 градуска жеткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094039830_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9e55fafa41da57b904d017dde7b98724.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио