https://sputnik.kg/20250517/1094036013.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы ЕБ өкүлүнө өлкөгө сырттан баа бербей, келип көрүп кетүүгө чакырдыСалык кызматына 65 кызматтык унаа тапшырылдыРоссияны Мамдумасынын төрагасы... 17.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-17T15:00+0600
2025-05-17T15:00+0600
2025-05-17T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094035881_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1ba566f65ef0ffc79e7a0de9e6340f7b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы ЕБ өкүлүнө өлкөгө сырттан баа бербей, келип көрүп кетүүгө чакырдыСалык кызматына 65 кызматтык унаа тапшырылдыРоссияны Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келетАлдыда кеннеирээкРоссияны Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 18-майда кыргызстандык кесиптеши, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугат. Анда мамлекеттер аралык кызматташууну жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү талкууланмакчы. Володиндин сапардын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйынына катышары айтылды. Аталган жыйын 19-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларусь парламенттеринин төрагалары катышат.
ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Тургунбек уулу Кыргызстанга карата чыгарылган айрым рейтингдик чечимдер жана айтылган пикирлер суроо жаратарын белгилеген. "Биз демократиялык принциптерди бекем карманып, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл буруп келебиз. Айрыкча кыргыз парламенти ачык-айкындуулугу менен айырмаланып, жыйындарыбыздын бардыгы ачык өткөрүлүп келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө толук катышуу жана чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилип, алар депутаттарга жыйын учурунда да, жыйындан тышкаркы мезгилде да каалаган суроолорун бере алышат. Мындай мүмкүнчүлүк парламентаризмдин очогу саналган алдыңкы өлкөлөрдүн парламентинде да жок. Андыктан сырттан эле баа бере бербей, келип көрүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө жана жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга да көңүл бурууга чакырар элем", — деди Тургунбек уулу.
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 65 унаа тапшырылганын белгиледи. Салык кызматынын башчысы президентке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Эл аралык климат күнүнө карата Глобалдык жаштар фестивалы расмий түрдө ачылды. Бул эл аралык демилге жаштарды туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык диалогко активдүү тартууну көздөйт. Форум жаш лидерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана адистер үчүн тажрыйба алмашууга ылайыктуу аянтча болуп, заманбап экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору талкууланууда. Фестивалдын алкагында Санариптик «жашыл» демилгелер апталыгы да башталып, экология жана технология тармагындагы санариптик чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда. Иш-чара 15-майдан 30-июнга чейин Ташкент шаарында, Каракалпакстан Республикасында жана Самарканд облусунда өткөрүлөт. Фестивалга 50дөн ашык өлкөдөн келген 300дөн ашуун өкүл — жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, адистер жана активисттер катышууда.
ЖК төрагасы ЕБ өкүлүнө өлкөгө сырттан баа бербей, келип көрүп кетүүгө чакырдыСалык кызматына 65 кызматтык унаа тапшырылдыРоссияны Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келетАлдыда кеннеирээкРоссияны Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 18-майда кыргызстандык кесиптеши, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугат. Анда мамлекеттер аралык кызматташууну жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү талкууланмакчы. Володиндин сапардын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйынына катышары айтылды. Аталган жыйын 19-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларусь парламенттеринин төрагалары катышат.ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Тургунбек уулу Кыргызстанга карата чыгарылган айрым рейтингдик чечимдер жана айтылган пикирлер суроо жаратарын белгилеген. "Биз демократиялык принциптерди бекем карманып, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл буруп келебиз. Айрыкча кыргыз парламенти ачык-айкындуулугу менен айырмаланып, жыйындарыбыздын бардыгы ачык өткөрүлүп келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө толук катышуу жана чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилип, алар депутаттарга жыйын учурунда да, жыйындан тышкаркы мезгилде да каалаган суроолорун бере алышат. Мындай мүмкүнчүлүк парламентаризмдин очогу саналган алдыңкы өлкөлөрдүн парламентинде да жок. Андыктан сырттан эле баа бере бербей, келип көрүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө жана жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга да көңүл бурууга чакырар элем", — деди Тургунбек уулу. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 65 унаа тапшырылганын белгиледи. Салык кызматынын башчысы президентке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Эл аралык климат күнүнө карата Глобалдык жаштар фестивалы расмий түрдө ачылды. Бул эл аралык демилге жаштарды туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык диалогко активдүү тартууну көздөйт. Форум жаш лидерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана адистер үчүн тажрыйба алмашууга ылайыктуу аянтча болуп, заманбап экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору талкууланууда. Фестивалдын алкагында Санариптик «жашыл» демилгелер апталыгы да башталып, экология жана технология тармагындагы санариптик чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда. Иш-чара 15-майдан 30-июнга чейин Ташкент шаарында, Каракалпакстан Республикасында жана Самарканд облусунда өткөрүлөт. Фестивалга 50дөн ашык өлкөдөн келген 300дөн ашуун өкүл — жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, адистер жана активисттер катышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094035881_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc64cb08a18a0f796dd492baa2c531c2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио