https://sputnik.kg/20250517/1094028329.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочулар айып төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Аталган полиси жокторго 3... 17.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-17T08:59+0600
2025-05-17T08:59+0600
2025-05-17T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094028197_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d5ef0c18328ce9ec05c36b2a369b81bd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочулар айып төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Аталган полиси жокторго 3 миң сомдон айып салынат. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат. ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келе жатат. Буга чейин "Алма — Иншуренс" камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Саламат Нурдин уулу өлкөдө 1,6 миллиондон ашуун унаа болсо, анын 220 миңге жакыны гана камсыздандырылганын билдирген. Ошону менен катар узун кезекте турбаш үчүн унааларды эртелеп камсыздандырууга чакырган.
Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум чачуу мезгили аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу министрликке караштуу Балык чарба комплекси департаменти 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдады. Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды министрликтин расмий сайты аркылуу жана "MegaPay" мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот. Министрлик жарандарды табиятты аярлап пайдаланууга жана балык уулоодо белгиленген мыйзамдык талаптарды так сактоого чакырып, эреже бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.
2018-жылдын аягынан баштап 2025-жылга чейин өлкөдө аттракциондор пландык текшерүүдөн өткөн эмес. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын башчысы Медетбек Анарбек уулу билдирди. Анын айтымында, коюлган мораторийден улам аттракциондор көзөмөл органдары тарабынан 6 жылдан бери текшерилбей калган. "Бул аралыкта аттракциондун ээлери, иштетүүчүлөр өз ыктыяры менен техникалык кароодон өткөрүп турушу керек эле. Учурда ар бир аттракцион текшерүүдөн өттү. Анда кооптуу объектилерди, РБ-1, РБ-2 сыяктуу аттракциондорду атайын органдардан каттоодон өткөрүү, күнүнө текшерүү, журналга жазуу милдеттендирилген кагаздар берилди", — деди Анарбек уулу. Ал аттракциондорду иштеткен адамдар коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча күнүнө инструктаж өтүп, ал жакка чоочун адамдар киргизилбеши керектигин кошумчалады.
Татарстанда өтүп жаткан KazanForum – 2025 форумунда кыргыз адал өндүрүшчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков жана өлкөнүн Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышкан. "Бул Соода үйү кыргыз өндүрүшчүлөрүнө жаңы рынокко чыгууга шарт түзүп, сатууну жана кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле ишкерликти жана экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп жазылган маалыматта.
1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочулар айып төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Аталган полиси жокторго 3 миң сомдон айып салынат. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат. ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келе жатат. Буга чейин "Алма — Иншуренс" камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Саламат Нурдин уулу өлкөдө 1,6 миллиондон ашуун унаа болсо, анын 220 миңге жакыны гана камсыздандырылганын билдирген. Ошону менен катар узун кезекте турбаш үчүн унааларды эртелеп камсыздандырууга чакырган. Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум чачуу мезгили аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу министрликке караштуу Балык чарба комплекси департаменти 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдады. Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды министрликтин расмий сайты аркылуу жана "MegaPay" мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот. Министрлик жарандарды табиятты аярлап пайдаланууга жана балык уулоодо белгиленген мыйзамдык талаптарды так сактоого чакырып, эреже бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет. 2018-жылдын аягынан баштап 2025-жылга чейин өлкөдө аттракциондор пландык текшерүүдөн өткөн эмес. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын башчысы Медетбек Анарбек уулу билдирди. Анын айтымында, коюлган мораторийден улам аттракциондор көзөмөл органдары тарабынан 6 жылдан бери текшерилбей калган. "Бул аралыкта аттракциондун ээлери, иштетүүчүлөр өз ыктыяры менен техникалык кароодон өткөрүп турушу керек эле. Учурда ар бир аттракцион текшерүүдөн өттү. Анда кооптуу объектилерди, РБ-1, РБ-2 сыяктуу аттракциондорду атайын органдардан каттоодон өткөрүү, күнүнө текшерүү, журналга жазуу милдеттендирилген кагаздар берилди", — деди Анарбек уулу. Ал аттракциондорду иштеткен адамдар коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча күнүнө инструктаж өтүп, ал жакка чоочун адамдар киргизилбеши керектигин кошумчалады. Татарстанда өтүп жаткан KazanForum – 2025 форумунда кыргыз адал өндүрүшчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков жана өлкөнүн Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышкан. "Бул Соода үйү кыргыз өндүрүшчүлөрүнө жаңы рынокко чыгууга шарт түзүп, сатууну жана кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле ишкерликти жана экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп жазылган маалыматта.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/11/1094028197_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e780b0a5a58d7d50b1285410638f29d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио