https://sputnik.kg/20250512/duyshonkul-shopokov-kyrgyzstandyk-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093918617.html
Дүйшөнкул Шопоков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Дүйшөнкул Шопоков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык эр жүрөк жоокерлер боюнча... 12.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-12T20:04+0600
2025-05-12T20:04+0600
2025-05-12T20:04+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
дүйшөнкул шопоков
улуу ата мекендик согуш
эрдик
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Катардагы жоокер Дүйшөнкул Шопоков Ал Түркстан аймагындагы Шалта айылында (азыр Чүй облусунун Сокулук району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң колхоздо трактор айдап иштеген. 1941-жылы армияга чакырылат да, сентябрда согушка кирет. 1941-жылы 16-ноябрда Москва үчүн болгон Волоколамск районундагы Дубосеково жолунун жанындагы кармашта Дүйшөнкул Шопоков танкаларды талкалоочу топтун курамында болгон. Ал — кан суудай аккан кармашта фашисттердин бир нече чабуулунун мизин кайтарган легенда болуп айтылып калган 28 баатырдын бири. Душмандын 50 танкасын алдыга жылдырбай кармаган айыгышкан согушта эр жүрөктүгүн көрсөткөн. Ичинде Дүйшөнкул да болгон советтик солдаттар 18 танканы жок кылып, көбү баатырдык менен курман болушат. Алыскы Кыргызстандан келген шалталык эр жүрөк жигиттин каармандыгы да өзгөчө болгон. 1075-полктун аскер комиссары Мухамедияров Шопоков фашисттердин соккусун өзүнө алганын жана кантип курман болгонун айтып берген. Немецтер аны курчап, туткунга түшүүсүн талап кылышканда экөөнү атып өлтүрөт... Тилекке каршы, үчүнчү фашист Дүйшөнкулдун өмүрүн алат. 1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Дүйшөнкул Шопоковго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Сөөгү ошол күндөрү Дубосеково разъездиндеги Боордоштор мүрзөсүнө жашырылат да, кийин курман болгон башка жоокерлердин сөөгү менен кошо Нелидово мүрзөсүнө кайра көмүлгөн. Баатырдын ысымын азыр бир шаар алып жүрөт. Таш-Көмүр шаарында, Жайыл, Сокулук, Өзгөн райондорунда анын ысымы коюлган мектептер бар. Мындан сырткары, анын элеси почта маркаларына түшүрүлгөн. Бишкек шаарында Шопоков көчөсү бар. Бокс боюнча анын элесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп турат. Волоколамскиде Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту орнотулган. Москва шаарында Северное Тушино районунда панфиловчу баатырлардын урматына монумент коюлган. 1975-жылы Дубосеководо да мемориал тургузулган. Нелидово кыштагында (Дубосеково жолунан 1,5 чакырым аралыкта жайгашкан) панфиловчу баатырларга арналган музей бар. Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон. Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250510/sogush-kubanychbek-batyrbekov--1093865218.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, дүйшөнкул шопоков, улуу ата мекендик согуш, эрдик
ссср, кыргызстан, дүйшөнкул шопоков, улуу ата мекендик согуш, эрдик
Дүйшөнкул Шопоков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык эр жүрөк жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Катардагы жоокер Дүйшөнкул Шопоков
Ал Түркстан аймагындагы Шалта айылында (азыр Чүй облусунун Сокулук району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң колхоздо трактор айдап иштеген.
1941-жылы армияга чакырылат да, сентябрда согушка кирет. 1941-жылы 16-ноябрда Москва үчүн болгон Волоколамск районундагы Дубосеково жолунун жанындагы кармашта Дүйшөнкул Шопоков танкаларды талкалоочу топтун курамында болгон. Ал — кан суудай аккан кармашта фашисттердин бир нече чабуулунун мизин кайтарган легенда болуп айтылып калган 28 баатырдын бири. Душмандын 50 танкасын алдыга жылдырбай кармаган айыгышкан согушта эр жүрөктүгүн көрсөткөн. Ичинде Дүйшөнкул да болгон советтик солдаттар 18 танканы жок кылып, көбү баатырдык менен курман болушат.
Алыскы Кыргызстандан келген шалталык эр жүрөк жигиттин каармандыгы да өзгөчө болгон. 1075-полктун аскер комиссары Мухамедияров Шопоков фашисттердин соккусун өзүнө алганын жана кантип курман болгонун айтып берген. Немецтер аны курчап, туткунга түшүүсүн талап кылышканда экөөнү атып өлтүрөт... Тилекке каршы, үчүнчү фашист Дүйшөнкулдун өмүрүн алат.
1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Дүйшөнкул Шопоковго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.
Сөөгү ошол күндөрү Дубосеково разъездиндеги Боордоштор мүрзөсүнө жашырылат да, кийин курман болгон башка жоокерлердин сөөгү менен кошо Нелидово мүрзөсүнө кайра көмүлгөн.
Баатырдын ысымын азыр бир шаар алып жүрөт. Таш-Көмүр шаарында, Жайыл, Сокулук, Өзгөн райондорунда анын ысымы коюлган мектептер бар. Мындан сырткары, анын элеси почта маркаларына түшүрүлгөн. Бишкек шаарында Шопоков көчөсү бар. Бокс боюнча анын элесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп турат.
Волоколамскиде Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту орнотулган. Москва шаарында Северное Тушино районунда панфиловчу баатырлардын урматына монумент коюлган. 1975-жылы Дубосеководо да мемориал тургузулган. Нелидово кыштагында (Дубосеково жолунан 1,5 чакырым аралыкта жайгашкан) панфиловчу баатырларга арналган музей бар.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.