00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:25
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бир академия жасай турган эмгек калтырып кеткен Ыбырай Абдырахманов. Эскерүү

© Фото / предоставлено Аттокуром ЖапановымМанасчы, этнограф, педагог, кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү Ыбырай Абдырахманов. Архив
Манасчы, этнограф, педагог, кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү Ыбырай Абдырахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2025
Жазылуу
Ыбырай Абдырахманов (Ак молдо) үйүндө Тоголок Молдо сыяктуу залкарларды айлап багып, оозундагы "Манасын", ырын кагазга түшүрүп алган. Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков өңдүү манасчылардын да "Манасын" жаздырып алган. Тынбай иштеген, кол жазмасы сулуу, бат жазган жана эс тутуму мыкты адам болуптур.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда филология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов болду. Биз манасчы, этнограф, педагог, кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү Ыбырай Абдырахмановду эскердик.
© Sputnik / Кенжебай СатканалиевФилология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов
Учёный, исследователь Аттокур Жапанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2025
Филология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов
— Алгач бул инсандын ысымын тактасак, бир жерде Ыбрай, Ыбырайым, Ибрай деп ар кандай жазылып жүрөт…
— Бу киши Ысык-Көлдүн Жети-Өзүз районундагы Чырак айылында 1988-жылы жарык дүйнөгө келген экен. Абдан сабаттуу, өз заманынын илимдүү адамы болгон. Атасы Абдырахман уулуна Ыбырайым деген ысым ыйгарат, бул ысым Тооратта бар. Бизде аны Ыбырайым, Ыбрай, Ибрайим деп атай беришет.
1922-жылдары Түркстандагы атайын агартуу бөлүмү Каюм Мифтаков, Ыбырай Абдырахманов, Черик Каптагай уулу жана Сатыбалды Сарпековду "Манасты" жазууга жиберишкен экен. Каюм Мифтаков ооруп калат. Ал эми Ыбырай Абыдрахманов столду коё калып эле манас айтылып жатканда дароо жазып баштачу экен. Кагаздын чекесиндеги бош жерине да батырып жазып калчу дешет. Түндө манасчыны эс алдырууга кетирип, таң аткыча жазгандарын улам артка түрдүрүп, оюн толуктап, кайра иштеп чыкчу экен. Жазгандарынын формуласын иштеп чыккан өтө зээндүү адам болуптур. Кичине балдардын эс тутумун жомоктор менен 7 жашка чейин калыптандырса болот, 17 жашка чейин адамдын мээси өркүндөп, 22 жашта токтойт. Ыбырайым атабыздын ошол кездеги эс тутуму азыркы компьютердей эле болгон. 1922-1926-жылдары "Манас" эпосунун эң көркөм варианттарынын бири толук жазылып алынган. 1935-1960-жылдарга чейин Саякбай Каралаевден "Манастын" үчилтигинин айрым эпизоддорун "Манас сериялары" деген ат менен кагазга түшүргөн. Сагынбай Орозбак уулунун вариантынан 1949-жылы "Манастын балалык чагы", 1941-жылы "Алооке хан", "Макел дөө", 1944-жылы "Биринчи казатты" жазып, ал эми манасчы Кара уулунан 1941-жылы "Каныкейдин жомогу", 1941-жылы Акмат Рысмендиевдин "Үргөнүч", Тоголок Молдодон "Семетейдин Букардан Таласка келиши" деген эпизоддорун түзүп, басмага даярдап, китеп кылып чыгарган. "Манас" бөлүгү 26 456, "Семетей" бөлүгү 23 584, "Сейтек" бөлүгү 7 839 саптан турат. Мунун баарын өзү жазып, Улуттук илимдер академиясына тапшырган. Ошол кезде шарт жок, муздак боз үйдө кагазга түшүргөн. Бул киши болбогондо улуу эпосубуз бизге азыркыдай жетпей калмак. Демек, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамга татыктуу.
— Ыбырай Абдырахманов өз күмбөзүн өзү жасап кеткен дешет...
— Ооба, мен өзүм барып көрдүм. Ат-Башынын Пограничник айылына көрүүгө барганда заңкайган күмбөздү элестетип баргам. Жок, кичинекей эле гранитке аты-жөнүн, жылын чегип жазып коюптур. Аны 1967-жылы жасаса, 1968-жылы көзү өткөн экен. Мугалим Сатыбалды Наматов экөөнө бириктирип өзү коюп койгон экен. Ага эли эстелик коё албасыбызды сезген окшойт. Өткөндөрдү барктабасак, тирүүнүн иши жүрбөйт. Кыргызга эмгеги сиңген залкарлардын көбүнүн артында туяк калбаптыр. Алардын эмгегин эстеп, атын чыгарып туруу — биздин милдет.
— Абдырахманов абдан билимдүү болуп жатат. Мугалимдери кимдер болгон, кайдан билим алган?
— Сабаттуулардын баары байлардын балдарынын арасынан чыккан. Ошол кезде мугалимдерди "молдо" деп атаган эмеспи. "Мугалим" деле араб сөзү, бирок өзүбүздүн сингармонизм мыйзамына карата ылайыкташтырып алуудабыз. Ыбырайым атабыздын өзүнүн жазуу стили бар. Калыпка түшүрүп алган. Алгач айылдагы молдодон, кийин орус-тузем мектебинен окуган. Ал деле өзү байдын баласы болгон да. Кийин Алматыда, Фрунзеде билим алган.
— Бул кишини биз манасчы, фольклорчу деп берип жатпайбызбы. Негизи биринчи орунда педагог болгон экен.
— Ооба, биринчи орунда педагог. Өзү Жети-Өгүздүн Чырак айылында төрөлсө, кандайча Ат-Башынын Пограничник (Казыбек) айылына барып калганы суроо жаратат. Көрсө, Алыкул Осмонов да ошол айылга барып эс алчу экен. Ал кезде акылдуулардын баары ошол жакка чогулганбы деп да ойлоп кетем. Сагынбай Орозбак уулу өңдүү манасчыларды улгайып калган кезинде баладай мамиле жасап, акырын алдап, жакшы мамиле кылып баарын жаздырып алган экен.
© Sputnik / Кенжебай СатканалиевФилология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов
Учёный, исследователь Аттокур Жапанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2025
Филология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов
— Улуу инсандар Абдырахмановго кандай мүнөздөмө беришкен?
— Аалы Токомбаев менен Алыкул Осмоновдун да укмуш саптары бар. Укмуш мүнөздөмөлөрдү беришкен. Сагынбай Орозбаков "кантейин молдо, бул да ченебеген эр экен. Мени менен чогуу жүрүп, куржун-куржун кагаздарды жазып алды. "Качан эс алалы, молдоке" дегенде "эми ушул баракты жазып бүтөлү, Саке" деп чөйчөктөй көзү менен күлө багып суранар эле" деп эскерет. Ыбырай Абдырахмановдун "Манасын" басмага даярдаса, ал кайра иштеп чыгууну талап кылбайт. Жазып баратып эле редакторлоп кеткен. Мухтар Ауэзов да "ка-ап, ушул киши менен жолугушум керек эле" деп суктанып жазып жатат. Бирок жолугуша албаптыр. Ыбырайым атабыз Фрунзеден үй алып, Тоголок Молдону айылдан чакыртып алып, алты ай багыптыр. Ыбырай Абдырахмановду молдонун да сабаттуусу катары Ак молдо деп аташкан. "Үйлөнүп калса көр тириликке аралашып кетип бүгүнкү эмгектер жазылбай калмак беле..." деген ойду Аалы Молдоканов убагында жакшы жазган. Каюм Мифтаков Абдырахмановдун колу абдан сулуу болгондугун эскерет.
Бул киши бир академия жасай турган ишти жасап, кыргызга таштап кетти. Ат-Башыдагы күмбөзүн оңдоп-түзөп, сырттан келгендерге көрсөтө тургандай шарт түзсөк жакшы болот эле. Бул кишинин артында туяк калган эмес. Кыргыз адабияты, фольклору үчүн жасаган эмгегин изилдеп, күмбөзүн жаңыртып, кылганын айта жүрүү биздин атуулдук милдетибиз деп эсептейм.
Комуз менен акын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2025
Бүгүнкү күндү 170 жыл мурун көргөн олуя акын. Туяк Эрназар уулун эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0