https://sputnik.kg/20250509/ysmayyl-taranchiyev--kyrgyzstandyk-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093858629.html
Ысмайылбек Таранчиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Ысмайылбек Таранчиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык эр жүрөк жоокерлер боюнча... 09.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-09T20:02+0600
2025-05-09T20:02+0600
2025-05-09T20:02+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
учкуч
исмаилбек таранчиев
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Кенже лейтенант Ысмайылбек ТаранчиевАл 1923-жылы апрелде Фрунзе облусунун Беш-Күнгөй кыштагында (азыр Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылы) дыйкандын бүлөсүндө жарыкка келген. 8 класстык билим алган. 1941-жылы июнда Кызыл Армияга чакырылып, 1943-жылы Валерий Чкалов атындагы аскердик авиация мектебинен учкуч болуп чыгат. 1944-жылдын январынан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет. Таранчиев Ленинград фронтунун 13-аба армиясынын 277-чабуулчу авиациялык дивизиясынын пилоту болгон. 1944-жылы 26-январда аба чабуулчуларынын тобунун курамында кармашып жүрүп, Тарту аэродромунда душмандын үч учагын өрттөйт. Ушул эле жылдын 18-мартында Ил-2 учагы менен Эстония ССРинин Нарва шаарынын аймагында душмандын коргонуу түзүлүштөрүнө, техникасына, жоокерлерине, темир жолдоруна, аэродромдоруна жана башка объектилерине каршы чабуул коюу үчүн абага 35 жолу көтөрүлгөн. Бир ирет согуштук тапшырманы аткаруу учурунда Ысмайылбек Таранчиев айдап жүргөн самолет аткылоого учурайт. Кабинада аны менен бирге борт аткычы, кенже сержант Алексей Ткачев болгон. Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта эле. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган... Экөө ошентип баатырдык менен курман болот. Көп жылдар өткөндөн кийин, 1991-жылы 5-майда, Таранчиевге фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Аны менен катар эле I даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл жылдыз ордени, Ленинградды коргогону үчүн медалы менен сыйланган. Өзү туулган Беш-Күнгөйдөгү көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылып, Эстонияда Вайвар волостундагы Ил-2 кулаган жерге эскерип туруучу айкел орнотулган. 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстанда Ысмайылбек Таранчиев атындагы почта маркасы чыгарылган. 2017-жылдын декабрынан тарта Канттагы Аскер-аба базасындагы Су-25 штурмовиги баатырдын атын алып жүрөт. Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250429/andrey-titov-kyrgyzstandyk-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093658066.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, исмаилбек таранчиев
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, исмаилбек таранчиев
Ысмайылбек Таранчиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык эр жүрөк жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев
Ал 1923-жылы апрелде Фрунзе облусунун Беш-Күнгөй кыштагында (азыр Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылы) дыйкандын бүлөсүндө жарыкка келген. 8 класстык билим алган.
1941-жылы июнда Кызыл Армияга чакырылып, 1943-жылы Валерий Чкалов атындагы аскердик авиация мектебинен учкуч болуп чыгат. 1944-жылдын январынан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет. Таранчиев Ленинград фронтунун 13-аба армиясынын 277-чабуулчу авиациялык дивизиясынын пилоту болгон.
1944-жылы 26-январда аба чабуулчуларынын тобунун курамында кармашып жүрүп, Тарту аэродромунда душмандын үч учагын өрттөйт. Ушул эле жылдын 18-мартында Ил-2 учагы менен Эстония ССРинин Нарва шаарынын аймагында душмандын коргонуу түзүлүштөрүнө, техникасына, жоокерлерине, темир жолдоруна, аэродромдоруна жана башка объектилерине каршы чабуул коюу үчүн абага 35 жолу көтөрүлгөн.
Бир ирет согуштук тапшырманы аткаруу учурунда Ысмайылбек Таранчиев айдап жүргөн самолет аткылоого учурайт. Кабинада аны менен бирге борт аткычы, кенже сержант Алексей Ткачев болгон. Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта эле. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган... Экөө ошентип баатырдык менен курман болот.
Көп жылдар өткөндөн кийин, 1991-жылы 5-майда, Таранчиевге фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Аны менен катар эле I даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл жылдыз ордени, Ленинградды коргогону үчүн медалы менен сыйланган.
Өзү туулган Беш-Күнгөйдөгү көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылып, Эстонияда Вайвар волостундагы Ил-2 кулаган жерге эскерип туруучу айкел орнотулган. 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстанда Ысмайылбек Таранчиев атындагы почта маркасы чыгарылган. 2017-жылдын декабрынан тарта Канттагы Аскер-аба базасындагы Су-25 штурмовиги баатырдын атын алып жүрөт.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.