00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Калыйнур Үсөнбеков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

© Фото / Герои страныКыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2025
Жазылуу
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков
Ал 1921-жылы 23-сентябрда Ысык-Көлдүн Түп районундагы Ой-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Пржевальск шаарындагы педагогикалык училищени аяктаган соң Кичи-Жаргылчак толук эмес мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1942-жылы февралда Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Байкал аскер округуна жөнөтүлөт. 584-аткычтар полкунда кызмат өтөйт.
1942-жылдан тарта Дон фронтунун 266-аткычтар дивизиясынын 1008-полкунун курамында болуп, согушка кирет.
Сталинград салгылашында жана 1943-жылдагы Донбасстагы кышкы-жазгы кармашта каармандыгы менен айырмаланат. 1943-жылдын аяк ченинде партиялык иштерди уюштуруучулардын курсуна кирип, аны аяктагандан кийин кичи лейтенант чинин алып чыгат. 3, 4-Украин,1-Беларусь фронтторунда болот.
Кюстрин (Германия) плацдармын кеңейтип, кармап туруу үчүн болгон салгылашта да өзгөчөлөнөт. 1945-жылы 13-февралда анын батальону курчоодо калып, немецтик танк, жөө аскерлердин басымына туруштук берип, 14 саат бою салгылашат. Жоокерлердин огу түгөнөт. Тыным албаган аткылоого карабай боортоктоп, улам тура калып чуркап отуруп, жарым-жартылай талкаланган окопторду айланып өткөн Үсөнбеков курман болгон жоокерлер пайдаланууга жетишпей калган ок-дары, гранаталарды жыйнап, кармашып жаткандарга алып келет. Кан жыттанган ошол айыгышкан салгылашта Үсөнбеков өзү немецтердин 60ка чукул аскерин жок кылат. 14-февралда Кызыл Армиянын жетип келген күчтөрү батальондун курчоосун жарып кирип, душмандарды Батышты көздөй сүрөт. Жаш жоокер Калыйнур бул сапар фашисттердин жети аскерин жок кылып, экөөнү туткундап келген.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жылдын 31-майдагы чечими менен душманга чабуул койгондогу каармандыгы жана эрдиги үчүн Калыйнур Үсөнбековго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы берилген.
Кыргызстандык жоокер Берлиндеги чабуул операциясында жана аталган шаарды алганда өзгөчөлөнгөн. Бул үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Белгилей кетүүчү кызык жагдай, Советтер Союзунун Баатыры наамы ошол күнү ыйгарылган.
Үсөнбеков майданда жүргөн жылдары республикалык "Кызыл Кыргызстан" гезитине талаа почтасын белгилеп, жазган ырларын салып турган. Бир учурда Жумагүл Мусаева аттуу кыздан кат алат да, ошондон тарта экөөнүн почта ашыктыгы башталат. Ал бир топ убакытка чейин созулат. 1947-жылы экөө Фрунзе шаарынан кезигип баш кошушат, андан соң Москвага окууга кетишет.
Үсөнбеков Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана ар кыл, анын ичинде Монголия, Болгария, Румыния медалдары менен сыйланган. Кийин Манас орденин, Даңк медалын алган.
Согуштан кийин СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. 1951-жылы Советтик Армиянын аскердик-юридикалык академиясын аяктаган. 1951-жылдан тарта Түркстан аскер округуна караган Фрунзе гарнизонундагы Аскердик прокуратуранын тергөөчүсү болуп эмгектенген. 1953-жылы запаска бошотулган.
1953-жылы июлдан тарта Кыргыз ССРинин атайын иштер боюнча прокурордун орун басары, 1956-жылы октябрдан тарта прокурордун биринчи орун басары болуп иштейт. 1961-1968-жылдары Кыргызстандын ИИМ системасында бөлүмдүн начальниги болгон жана Ички аскерлер тармагында кызмат өтөгөн. 1967-жылдан тарта № 7412 аскер бөлүгүндө саясий иштер боюнча командирдин орун басарлыгын аркалаган.
1968-1987-жылдары Кыргыз ССРиндеги ДОСААФтын БКсынын төрагасы болот. Анын техникалык-материалдык базасынын өнүгүшүнө жана түптөлүшүнө өзүнүн зор салымын кошот. Бул инсан жетектеп турган мезгилде спорттун самолеттук, парашюттук, автомобилдик, мотоциклеттик, суу алдындагы, аткычтык түрлөрү жакшы өнүккөн. Кыргызстандын бардык облустарындагы окуу жайларда жана спорттук уюмдарда машыга турган имараттар, ата турган 50 метрлик тирлер арбыган. Үсөнбековдун демилгеси менен уникалдуу курулуш — Фрунзе шаарындагы Юлиус Фучик атындагы жер алдындагы атуучу тир түшкөн.
1987-жылы генерал-лейтенант Үсөнбеков отставкага кеткен.
Согуштун, эмгектин жана Кыргыз ССРинин Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешин жетектеген. 1990-жылдан тарта республикалык "Эстелик китебинин" башкы редакторлугун аркалаган. Бир топ китеп, анын ичиндеги аскер иштери боюнча эмгектерди жазган. Макалалары басылмаларга чыккан.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч чакырылышынын (1975–1990) депутаты болгон, кийинчерээк СССРдин Жогорку Советине (1989–1991) шайланган.
Бишкекте жашаган. 2003-жылы 9-декабрда каза болуп, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Калыйнур Үсөнбековдун бюсту Ички аскерлер командачылыгынын Баатырлар аллеясына коюлуп, ысымы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Кыргыз ССРинин делегациясы Ленинградга жөнөп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2025
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Блокададагы Ленинградга 52 вагон азык жеткирип барган кыргыздар. Сүрөт баян
Жаңылыктар түрмөгү
0