https://sputnik.kg/20250424/1093523487.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул... 24.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-24T08:59+0600
2025-04-24T08:59+0600
2025-04-24T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093523355_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_57f842ee8af00aa052a0fd2ee7e45cd9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул туурасында Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана божомол жасаган институттун илимий кызматкери Арсен Үсөнов айтты. Анын пикиринде, бул Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек ара жана суу-энергетикалык тармактарындагы маселелерди жөнгө салууга тиешелүү болду. "Биз аймактын өз ара мамилелерде жаңы тепкичке чыгууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул деңгээлде өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алышат, бирок ошол эле учурда регион ичиндеги тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон кызматташууну эстен чыгарбайт. Борбордук Азия жакынкы стратегиялык өнөктөштөрү Кытай жана Россия менен мамилелерди татаалдаштырууга кызыкдар эмес деп ойлойм", — деди Үсөнов "Валдай" форумунда.
Дыйкандарга 1 800 даана айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда келишимге кол коюлган. 45,11 миллион доллар айыл чарба техникасын лизингге сатып алууга жумшалат. Мында дүйнөлүк рыноктордогу баа эске алынмакчы. Тизмеде ар кандай маркадагы жана модификациядагы 600 трактор; дан жыйноочу жана тоют жыйноочу 100 комбайн; 1000ге жакын айыл чарба машиналары жана жабдуулар бар.
Москва шаарында классик акын Алыкул Осмоновдун кайрадан басылып чыккан "Мой дом" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул туурасында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты. Иш-чара Маргарита Рудомино атындагы Чет элдик адабияттар мамлекеттик китепканасында болду. Поэзия майрамына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Бишкектеги Алыкул таануу илим-изилдөө борборунун жана Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору Замирбек Асаналиев, акындын чыгармаларынын котормочусу, орус акыны Михаил Синельников, Россиянын Жазуучулар союзунун өкүлдөрү катышкан. Андан сырткары, Москва шаарындагы кыргыз жана башка улуттардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү да келген. Бөкөнтаев Алыкул Осмоновдун чыгармалары мезгил сынынан өткөн достукка, жалпы тарыхый, руханий жана маданий мурастарга жана салттуу баалуулуктарга негизделген кыргыз-россиялык достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошконун белгиледи.АБА ЫРАЙЫ24-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Таласта 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл өрөөнүндө 11…16, Нарын жергесинде 9…14 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек шаарында 21…23, Ош калаасында 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул туурасында Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана божомол жасаган институттун илимий кызматкери Арсен Үсөнов айтты. Анын пикиринде, бул Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек ара жана суу-энергетикалык тармактарындагы маселелерди жөнгө салууга тиешелүү болду. "Биз аймактын өз ара мамилелерде жаңы тепкичке чыгууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул деңгээлде өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алышат, бирок ошол эле учурда регион ичиндеги тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон кызматташууну эстен чыгарбайт. Борбордук Азия жакынкы стратегиялык өнөктөштөрү Кытай жана Россия менен мамилелерди татаалдаштырууга кызыкдар эмес деп ойлойм", — деди Үсөнов "Валдай" форумунда.Дыйкандарга 1 800 даана айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда келишимге кол коюлган. 45,11 миллион доллар айыл чарба техникасын лизингге сатып алууга жумшалат. Мында дүйнөлүк рыноктордогу баа эске алынмакчы. Тизмеде ар кандай маркадагы жана модификациядагы 600 трактор; дан жыйноочу жана тоют жыйноочу 100 комбайн; 1000ге жакын айыл чарба машиналары жана жабдуулар бар.Москва шаарында классик акын Алыкул Осмоновдун кайрадан басылып чыккан "Мой дом" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул туурасында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты. Иш-чара Маргарита Рудомино атындагы Чет элдик адабияттар мамлекеттик китепканасында болду. Поэзия майрамына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Бишкектеги Алыкул таануу илим-изилдөө борборунун жана Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору Замирбек Асаналиев, акындын чыгармаларынын котормочусу, орус акыны Михаил Синельников, Россиянын Жазуучулар союзунун өкүлдөрү катышкан. Андан сырткары, Москва шаарындагы кыргыз жана башка улуттардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү да келген. Бөкөнтаев Алыкул Осмоновдун чыгармалары мезгил сынынан өткөн достукка, жалпы тарыхый, руханий жана маданий мурастарга жана салттуу баалуулуктарга негизделген кыргыз-россиялык достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошконун белгиледи.АБА ЫРАЙЫ24-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Таласта 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл өрөөнүндө 11…16, Нарын жергесинде 9…14 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек шаарында 21…23, Ош калаасында 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093523355_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e179ca146beaa348ebd0c4edf2cbd575.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио