00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
12:34
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
эфир
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Меняющие мир
Редкие инструменты и большая душа: интервью с лидером этно-группы «Рунара»
14:09
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жер айдоо жана кой кыркуу боюнча жети облустун өкүлдөрү күч сынашат
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Таберик
On air
17:06
0 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Патенты, пакеты, парковка и парад — что нас не оставило равнодушными
18:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Министрлер кабинети Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жойду. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Мекеменин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берилет. Эске салсак, аталган борбор анык эмес маалымат менен күрөшүү максатында былтыр 12-августта түзүлгөн. Борбор ЖМК жана интернетти мониторингдей турганы айтылган. Бийликтин ишениминен чыгып иштен айдалгандар чечимге даттанууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик демилгеледи. Документте кызматка ашыкча квалификациялык талаптар алып салынууда. Ошондой эле кызматтардын кенже тобу үчүн адистиги жана аймагы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кадрлар резервин түзүү сунушталып жатат. Талапкерлер бир жолу конкурстан өтөт. Ошондой эле кызматкерлердин 10 пайызын сынаксыз дайындоого жол берилет. Мындан тышкары, өзгөчө тартипте кызматка дайындалгандар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: иши бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда; саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо. Бул негизде кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт. Мындай чара кызматкерлердин профессионалдуулукту сактоосу үчүн көрүлүп жатканы кошумчаланды. Караколдогу №23 түзөтүү мекемеси катуу режимдеги түрмө болуп өзгөртүлөт. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Токтомго ылайык, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эки айдын ичинде мекеменин жобосун иштеп чыгып, штаттык түзүмүн бекитет. Ошондой эле колониянын атайын жайлары кайра жабдылып, талапка ылайыкташтырылат. Мындан тышкары, мекемеде тергөө изолятору катары иштей турган атайын жай даярдалат. Өзгөртүүлөр республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирери айтылды. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө. Кечээ Барпы айыл аймагындагы 100 гектар адырга жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүктун 40 миң көчөту отургузулган. Алар тамыр алышы үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Жабдууну Түркиядан келген адистер ишке киргизип берет. Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин ал жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп берилери айтылды. АКШ президенти Дональд Трамп Киевдин НАТОго мүчөлүк маселеси Украинадагы чырдын башы болгонун, сейрек кездешүүчү металл боюнча келишимдин алкагында бул нерсе талкууланбагандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Владимир Зеленский баалуу металлдар боюнча келишимдин шартын өзгөртүүгө аракет кылды. НАТОго мүчө болуш же ошол сыяктуу нерселер үчүн макулдашууга барууга даяр экенин журналисттерден уктум. Аны биз эч качан талкуулаган эмеспиз", — деген Трамп Ак үйдө сүйлөп жатканда.Кечээ Трамп Киев режиминин башчысы Америка менен Украинанын ортосундагы ресурстук келишимден баш тартууга ниеттенип жатканын, ал өлкөсүнүн НАТОго кире албай турганын түшүнүп туруп эле альянска кошулууга аракет кылып жатканын белгилеген.
Жазылуу
Министрлер кабинети Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жойду. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Мекеменин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берилет. Эске салсак, аталган борбор анык эмес маалымат менен күрөшүү максатында былтыр 12-августта түзүлгөн. Борбор ЖМК жана интернетти мониторингдей турганы айтылган.
Бийликтин ишениминен чыгып иштен айдалгандар чечимге даттанууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик демилгеледи. Документте кызматка ашыкча квалификациялык талаптар алып салынууда. Ошондой эле кызматтардын кенже тобу үчүн адистиги жана аймагы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кадрлар резервин түзүү сунушталып жатат. Талапкерлер бир жолу конкурстан өтөт. Ошондой эле кызматкерлердин 10 пайызын сынаксыз дайындоого жол берилет. Мындан тышкары, өзгөчө тартипте кызматка дайындалгандар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: иши бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда; саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо. Бул негизде кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт. Мындай чара кызматкерлердин профессионалдуулукту сактоосу үчүн көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Караколдогу №23 түзөтүү мекемеси катуу режимдеги түрмө болуп өзгөртүлөт. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Токтомго ылайык, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эки айдын ичинде мекеменин жобосун иштеп чыгып, штаттык түзүмүн бекитет. Ошондой эле колониянын атайын жайлары кайра жабдылып, талапка ылайыкташтырылат. Мындан тышкары, мекемеде тергөө изолятору катары иштей турган атайын жай даярдалат. Өзгөртүүлөр республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирери айтылды.
Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө. Кечээ Барпы айыл аймагындагы 100 гектар адырга жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүктун 40 миң көчөту отургузулган. Алар тамыр алышы үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Жабдууну Түркиядан келген адистер ишке киргизип берет. Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин ал жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп берилери айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Киевдин НАТОго мүчөлүк маселеси Украинадагы чырдын башы болгонун, сейрек кездешүүчү металл боюнча келишимдин алкагында бул нерсе талкууланбагандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Владимир Зеленский баалуу металлдар боюнча келишимдин шартын өзгөртүүгө аракет кылды. НАТОго мүчө болуш же ошол сыяктуу нерселер үчүн макулдашууга барууга даяр экенин журналисттерден уктум. Аны биз эч качан талкуулаган эмеспиз", — деген Трамп Ак үйдө сүйлөп жатканда.Кечээ Трамп Киев режиминин башчысы Америка менен Украинанын ортосундагы ресурстук келишимден баш тартууга ниеттенип жатканын, ал өлкөсүнүн НАТОго кире албай турганын түшүнүп туруп эле альянска кошулууга аракет кылып жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0