00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Лидерлер бүгүн телефондон сүйлөшкөн. "Мирзиёев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты. Президенттер регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Ноорузду майрамдоонун алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Кожентте өтө турган үч тараптуу саммитин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн белгилешти.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы толук масштабдуу эркин соода келишими үстүбүздөгү жылдын 15-майында күчүнө кирет. Бул тууралуу ЕЭК соода министри Андрей Слепнев билдирди. Маалым болгондой, Евразия экономикалык комиссиясына Ирандан эркин соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу расмий билдирүү келип түшкөн. Ал эми январь айында Иран тарапка ЕАЭБдеги бардык процедуралар аяктаганы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. "Макулдашуунун жоболоруна ылайык, зарыл иштер аяктаганын тастыктаган ноталар алмашкандан кийин документтин күчүнө кириши үчүн 60 күндүк мөөнөт каралган. Ошентип келишим 15-майдан тарта күчүнө кирет", — деди Слепнев. 2019-жылдан бери ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу келишим күчүндө болуп, чектелген сандагы товарлар үчүн эркин соода аймагын түзүүгө жол ачты. 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда толук масштабдуу эркин соода келишимине кол коюлган. Анда тараптардын ортосунда товардын бардык ассортиментинин дээрлик 90 пайызына бажы алымысыз режим орнотулган.
Президенттик администрацияда кызамык боюнча кырдаал талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жыйында Саламаттык сактоо министрлигине эпидемиянын очокторун жоюу боюнча иштөө жана аймактарды вакцина менен камсыздоо тапшырылган. "Өлкө боюнча кызамык оорусу катталып, өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. ушул жылдын январь жана февраль айларында эле бул илдет сегиз баланын өмүрүн алды. Балдардын баарын эмдөө боюнча иштерди күчөтүү керек", — деди минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов. Жыйындын соңунда калк арасында маалыматтык иштерди күчөтүү жана кызамыктын жайылышын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилгени кошумчаланды.
Бүгүндөн баштап Бишкектин борбору Нооруз майрамына карата жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 18-март саат 22:00дөн 23-мартка чейин Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү; жана Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү ошондой эле Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү убактылуу жабылмачы.Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0