00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Мамлекет башчысы Башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.Ал Кыргызстан өзүнүн ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын баса белгиледи. Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири - үстүбүздөгү жылдын күзүндө өлкөгө өтө турган ШКУга төрагалык кылуу болмокчу. ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи. Бул контекстте натыйжалуу финансылык механизмдерди, атап айтканда ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү маанилүү. Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимине кол коюлушу менен куттуктады. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин бардыгы бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алганын айтып өттү.
23 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Венера Бектурсунова билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага ачык кайрылуу жолдоду. Ал мугалимдерге ашыкча иштер жүктөлүп, текшерүү, отчет жаздыруу күчөп, түшүнүксүз талаптар коюлуп жатканын соцбаракчасына жазган.Ал текшерүүлөрдү токтотууну жана тынч иштөөгө шарт түзүүнү талап кылып, министрди мугалимдерди коргоого чакырды. Педагог бул кайрылуусу үчүн жумуштан айдалышы мүмкүн экенин, бирок мындан ары чыдоого алы жоктугун кошумчалаган. "Жогору жактан билим берүүнү жок кылуу буйругу берилип, Кендирбаева ошол жол менен бараткандай сезилет", — деп жыйынтыктаган ал. Бул кайрылууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип, министр Кендирбаева мугалимдер үчүн күрөшүп жатканын белгиледи.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы толук масштабдуу эркин соода келишими үстүбүздөгү жылдын 15-майында күчүнө кирет. Бул тууралуу ЕЭК соода министри Андрей Слепнев билдирди. Маалым болгондой, Евразия экономикалык комиссиясына Ирандан эркин соода келишиминин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу расмий билдирүү келип түшкөн. Ал эми январь айында Иран тарапка ЕАЭБдеги бардык процедуралар аяктаганы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. "Макулдашуунун жоболоруна ылайык, зарыл иштер аяктаганын тастыктаган ноталар алмашкандан кийин документтин күчүнө кириши үчүн 60 күндүк мөөнөт каралган. Ошентип келишим 15-майдан тарта күчүнө кирет", — деди Слепнев. Жаңы келишимди ишке ашыруу жакынкы келечекте соода жүгүртүүнү рекорддук 12 миллиард долларга жеткирүүгө жардам берет. Бул учурдагы көлөмдөрдүн болжол менен эки эсеге көбөйүшүн билдирет. 2019-жылдан бери ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу келишим күчүндө болуп, чектелген сандагы товарлар үчүн эркин соода аймагын түзүүгө жол ачты. 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда толук масштабдуу эркин соода келишимине кол коюлган. Анда тараптардын ортосунда товардын бардык ассортиментинин дээрлик 90 пайызына бажы алымысыз режим орнотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0