00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
НДС на корма или почему кыргызская форель может подорожать
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын көлөмү өсөт — стартаптарга басым жасалат
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Чек ара кызматы көмөкчү чарбалары аркылуу өзүн-өзү тамак-аш менен камсыздайтАзат Алманбетов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалдыТашиевдин атын жамынып партиялашынан 30 миң доллар алган. БШК депутаты кармалдыАлдыда кененирээкПрезиденттик администрацияда кызамык боюнча кырдаал талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жыйында Саламаттык сактоо министрлигине эпидемиянын очокторун жоюу боюнча иштөө жана аймактарды вакцина менен камсыздоо тапшырылган. "Өлкө боюнча кызамык оорусу катталып, өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жылы 6 өлүм катталса, ушул жылдын январь жана февраль айларында эле бул илдет сегиз баланын өмүрүн алды. Балдардын баарын эмдөө боюнча иштерди күчөтүү керек", — деди минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов. Жыйындын соңунда калк арасында маалыматтык иштерди күчөтүү жана кызамыктын жайылышын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилгени кошумчаланды.
Министрлер кабинети Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү боюнча жаңы чараларды бекитти. Тиешелүү токтомго минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бул чаралар чек арачыларды азык-түлүк менен камсыз кылууга, анын запасын түзүүгө жана кошумча тамак-аш уюштурууга шарт түзөт. Аталган көмөкчү чарбалар дыйканчылык, аарычылык, мал, канаттуу жана балык чарбасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Анда мөөнөттөгү аскер кызматчылары күжүрмөн даярдыктан бош мезгилинде иштей алышат. Көмөкчү чарбалар продукциясын өздүк курамды камсыздоо үчүн пайдаланып, акысы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. Ал эми ашыкча өндүрүлгөн продукцияны чек арачылардын үй-бүлөсүнө жана башка жарандарга базар баасында сатууга уруксат берилет. Мындан тышкары, көмөкчү чарбалардан түшкөн каражат кампаларды курууга, техника сатып алууга жана аскерлерге кошумча сый акы төлөөгө жумшалат.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, М.у.А. шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн 2024-жылы октябрда WhatsApp тиркемеси аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, партиялашын алдап 30 миң доллар алган. "Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, камакка алынды", — дешти атайын кызматтан. М.у.А. инициалдары депутат Амантур Мусагул уулунун аты-жөнүнө туура келүүдө.
Азат Алманбетов Аясбекович Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бүгүн, 18-мартта Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.
Израиль түндө Газа тилкесин аткылап, анын кесепетинен 200дөн ашык адам көз жумганын Al Aqsa каналы кабарлады Кайра жанданган согуштук аракеттерден 350дөй киши жабыркаган. Тель-Авив сокку ХАМАС америкалыктардын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн жасалганын билдирди. Ал эми ХАМАС Нетаньяху Газага кол салуу чечимин барымтадагылар үчүн өч алуу максатында кабыл алган деп айтууда. Палестиналык кыймыл дагы 59 кишини туткунда кармап турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0